Жалал-Абад: Бир ай мурун ачылган бала бакча каржылоонун жоктугунан колдонууга берилбей жатат

Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда ачылуу аземи 31-августта өткөн бала бакча пайдаланууга берилбей жатат. Мунун себебин шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Нурбек Олжобаев керектелүүчү буюмдарды алууга каражат бөлүнбөй жатканы менен түшүндүрүүдө.

«Мэрия эмеректерин алып бергени менен балдарга төшөнчүлөр, идиш-аяк, оюнчук жана башка керектелүүчү буюмдар алына элек. Бул үчүн 1,5 млн сомдой каражат керектелет», — деп билдирген Олжобаев «Турмуш» басылмасына курган маегинде.

Ал кошумчалагандай, айрым буюмдарды сатып алууга ата-энелер кол кабыш кылып жатышат.

«Клооптун» журналисттери аталган бала бакчанын жетекчиси менен байланышканда ал бакча иштебей жатканын тастыктады. Аты-жөнүн атагысы келбеген башчы кеңири интервью берүүдөн баш тартты.

«Бала бакча ачылуу алдында эле турат, эми мамлекеттик комиссиядан өтүшү керек. Андан кийин уруксат берилсе ишке киришебиз. Бакчага дагы керектүү буюмдар алынышы керек», — деп белгиледи бакчанын жетекчиси.

Материал жарык көрөөр алдында Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы комментарий алууга жеткиликсиз болду.

Мамлекеттик бакча 50 балага ылайыкташтырылып, анын курулушуна 19 млн сом сарпталган.

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча Кыргызстандагы 2-6 жашар 800 миңдей баланын 24% гана бала бакчага барат. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 28-июнунда Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын бала бакча мекемелери менен камсыз болуусу 40% түзгөнүн билдирген.

Автору: Айбике Адилет кызы, Авазбек Садиров