Ош базары. Сүрөт: Алмир Алмамбетов

Ала-Арча дайрасы Ош базарын экиге бөлүп турат. Дайранын жээгине «Берекет» соода комплекси курулуп жатат — ал ушул эле атты алып жүргөн «Берекет» компаниясына таандык. Ушул эле ишкана чакан «Универсал» базарына ээлик кылат — базар 20 жылдан бери Ала-Арча дайрасынын аркы өйүзүндө иштеп келет.

«Универсал» базарында 700дөн ашуун сатуучу күн сайын жаңы азык-түлүктөрдү, кийим-кечелерди, үй тиричилигине керектүү буюм-тайымдарды жана таттуу-тарапаларды сатышат. Бирок учурда алты айдан бери бул соода түйүндөрү электр энергиясыз, жарым-жартылай караңгы контейнерлерде иштеп жатат.

Сатуучулардын айрымдары өрт коопсуздук эрежелерин этибарга албай дизель менен иштеген генераторлорду коюп алышкан. Жергиликтүү сатуучулар ишкер үчүн жарыкты — бул товарды сатып алуучуга көрсөтүүнүн жападан жалгыз ыкмасы деп эсептешет.

Бирок электр жарыгынын жоктугу бул жердеги сатуучулардын жалгыз эле көйгөйү эмес. «Берекет» компаниясы Ош базарынын бир бөлүгүн жаап, анын ордуна «заманбап көп деңгээлдүү унаа токтотуу жайын» куруп, ал эми жергиликтүү сатуучуларды жаңы соода борборуна көчүргүсү келет.

Бирок соодагерлер буга макул болбой, жарыктын жоктугуна жана жердин ээси менен болуп аткан пикир келишпестикке карабастан иштешүүдө. Сентябрдын башында сатуучулар базардын ичинде митингге чыгышкан, бирок бийлик алардын маселелерин чечип берген эмес. Ал эми 25-сентябрда алар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кайрылуу менен барышкан.

Ош базары. Сүрөт: 24.kg

«Базарды муниципалдык кылып бергиле деп атабыз»

Жергиликтүү соодагерлер көңүл кош эмес адамдар менен кошо бизнести коргоо үчүн уюштуруу комитетин түзүшкөн. Андагы адамдардын бири — Кеңеш Жумабаев — базарда соода кылбайт, бирок сатуучулардын атынан чыгып жатат.

Жумабаев билдиргендей, соодагерлердин башкы талабы — базарды муниципалдык кылуу. Анын айтымында, «Берекет» компаниясы соодагерлерден ижара үчүн ай сайын беш миллионго чукул акча жыйнайт, ал эми мэрияга анын ичинен эки миллионун гана төгүп берет.

«Биз муниципалитеттен мамлекетке төлөш үчүн жерди кайра өзүнө алсын деп суранып жатабыз. Биз айына 2 млн сомдон төгүп туралы деп сунуштап атабыз, эгер алар жылына ушунча гана төлөп жатышкан болсо», — дейт Жумабаев.

Анын айтымында, «Берекеттин» администрациясы аларды жаңы соода борборуна көчүп барып, унаа токтотуу жайы курулуп бүткүчө акысыз соода кылып турууну суранышууда. Бирок жергиликтүү соодагердер аларга ишенбей, өз соода түйүндөрүнөн кеткилери келбей жатышат.

«Биз Бегалиевди биринчи жолу мэриядан гана көргөнбүз. Ал жаңы борбордо түйүн беребиз деп айтуу менен алдап жатат. Бирок бул болгону бир айга гана болот да. Дайыма алдагандыгынан биз ага моюн сунбайбыз жана сүйлөшпөйбүз», — дейт активист «Берекеттин» акицонерлеринин бири тууралуу айтып.

Жумабаев жергиликтүү сатуучулардын көпчүлүгү бизнестери үчүн кредит алышканын айтууда. Жада калса айрымдары базардан 30 миң доллар төлөп соода түйүндөрүн сатып алышкан. Ал эми башкаларынан компания 15 миңден алып, андан тышкары, электр энергиясы жана «Тазалыктын» көрсөткөн кызматы үчүн акча сурайт.

Калаа мэри Азиз Суракматов аларга 10 күн ичинде электр жарыгын тартып берүүнү убада кылды. Бирок, эгер ал убадасын аткарбаса, анда соодагерлер «ири акцияга чыгып», «ошону менен эле токтоп калышпайт».

Берекет

«Ош базарынын маселесин чечкибиз келет»

Индира Абласова. Болотбек Батиловдун видеосунан скриншот

«Берекет» компаниясынын президенти Индира Абласова компания бир нече жолу соодагерлердин шарттарына көнгөнүн билдирүүдө. Мурдагы жылы ноябрда алар сатуучуларга базар жабыла турганын эскертип, жыл аягына чейин товарларын сатып бүтүүгө убакыт берген.

Ал эми жаңырган жаңы жылда болсо компания аларга 12-апрелге чейин көчүүгө убакыт берген, бирок 15-апрелде соодагерлер жерди «мыйзамсыз» басып алышкан.

«Мурдагы жылдан бери көчкүлө деп келебиз. Биз ал жакта заманбап көп деңгээлдүү унаа токтотуу жайын куруп, Ош базарынын кичинекей көйгөйүн чечкибиз келет», — дейт Абласова.

Анын айтымында, сатуучулардын бири да «соода кыла турчу орунсуз калбайт». Компания аларга ошол эле акыга убактылуу жаңы соода борборуна көчүп барууну сунуштап жатат. Ал эми ижара акынын өлчөмү күнүнө бир чарчы метри үчүн 50 сом.

Курулуш бүткөндөн кийин компания унаа токтотуу жайынын биринчи кабатын жана жакын жайгашкан жерлерди соода түйүндөрү үчүн бөлүп берүүнү пландап жатат.

«Унаа токтотуу жайынын курулушу учурунда жаңы комплекске көчө тургула деп сунуштаганбыз. Биз 6-7 айдын ичинде унаа токтотуу жайын куруп, ал бүткөндөн кийин аларды кайра өздөрүнүн эле ордуларына көчүрүүнү пландаганбыз», — деп билдирүүдө Абласова.

Ал соодагерлерге кайсы бир «үчүнчү күчтөр» таасир этип жатат деп эсептейт — алар жерди «рейдерлик менен басып алып жатышат», митингдерге да барышууда.

«Алар бизди апрелден бери жолотпой жатышат — бизге эч бир тиешеси жок адамдар. Митингге чыккан адамдардын көпчүлүгүнүн бизге тиешеси жок. Алар киргизбей жатышат бизди, ал жакта эмне болуп жатканын да билбейбиз», — деди ал.

Мындай адамдардын бири — керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикменин төрагасы Махмуд Губайдуллин. Ал мурдараак компания «адамдарды кетирүүгө аргасыз кылуу үчүн сууну, канализацияны, электр жарыгын өз билемдик менен өчүрүп салганын» билдирген.

«Биз Махмудду мунасага келип, тынчтык менен чечип, көчүп, бир гана биздин соодагерлер үчүн гана эмес, сатуучуларга жана шаарга да шарт түзүп берүүгө чакырабыз», — деп кайрылды Абласова Губайдуллинге.

«Универсал» базарынын ордуна курула турчу имараттын планы

«Маселе мэриянын көзөмөлүндө»

Ленин району боюнча башчысынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев «Берекет» жалпы 14 гектар жерге ээлик кылаарын айтат. Анын ичинен 95 сотук жерди компания 2010-жылы мэриядан 10 жылга ижарага алган, ал эми жердин калган бөлүгү — ишканын менчиги.

Чыныбаев билдиргендей, шаар бийлиги чыр-чатакты чечүү үчүн декабрдан бери соодагерлер жана компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуп келет.

Чынасыл Чыныбаев

Анын айтымында, «Берекет» электр энергиясын жеке менчик компаниядан алат.

«13-апрелде компания базарды жабуу чечимин кабыл алган. Буга каршы чыккан соодагерлер компаниянын күзөтүн кууп чыгып, ал жерде өздөрү иш кылып, өздөрүнүн күзөтүн коюп алышкан. Буга жооп кайтарып “Берекет” алардын жарыгын өчүрүп салган, себеп дегенде алар электр энергиясын жеке компаниядан алып турушкан», — деп билдирди аткаминер.

Мындан тышкары, Чыныбаев жергиликтүү бийлик «чырды ар кандай жол менен чечүүгө» жана маселени «көзөмөлдө» кармоого аракет кылып атканын кошумчалады.

«Бул маселеде маморгандардын өкүлдөрү жок болуп кетишти же эч кимиси катышышпайт деп айтуу — бул чындыкка коошпогондук болуп эсептелет», — деп билдирди ал.

Бишкек мэри Азиз Суракматов «Түндүкэлектро» ишканасына жакынкы күндөрдө соодагерлерге электр энергиясын берүүнү тапшырып, маселени изилдөө боюнча комиссия түздү. Ал бардыгын «укуктук талаага кайтууга» чакырып, «кайтаруудагы аймак» болуп эсептелген дайра жээгине эч нерсе курбоону суранды.