Жети-Өгүз: Атамбаевдин жансакчысынын айылдаштары митингге чыгышты

Митинг Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында 30-сентябрда болуп өткөн.

Тургундар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп иштеген Канат Сагымбаевдин ишинин «акыйкат каралышын» талап кылышкан. Митингчилер президент Сооронбай Жээнбековдун атына да кайрылуу жолдошкон.

«Канат Сагымбаев милдетин ак аткарып атканын билебиз. Анын ата-энеси — айылда сыйлуу адамдар. Ал төрт баланын атасы. Жаш үй-бүлөсүнө өзү кам көрүп жүргөн. Биз сизден анын укуктарынын корголушуна туура баа берүүнү суранабыз», — деп билдиришти чогулгандар.

Канат Сагымбаев 25-сентябрга караган түнү кармалган. Ал «Массалык башаламандык уюштуруу», «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча шектелүүдө.

Кой-Таштагы кагылыштан бир ай өткөн соң Сагымбаев УКМКдагы кызматынан бошотулган. Буга УКМКнын экс-кызматкеринин атайын техниканы жана кызматтык куралын кайтарып бербей койгону себеп экенин түшүндүрүшкөн.