Жогорку сот Атамбаев менен «Апрелди» бир катар саясатчыларга кун төлөп берүүгө милдеттендирди

Бул тууралуу Азимбек Бекназаров 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ага таандык «Апрель» телеканалы экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровго, парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибековго жана УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттүү.

Саясатчылар Атамбаев 2018-жылдын декабрында «Апрель» телеканалына маек кургандан кийин сотко кайрылышкан.

Мурдагы президент телеканалга курган маегинде «Келибековдор мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мультимиллионер болушкан», ал эми «Азимбектер [Бекназаровдор] менен Дүйшөбаевдер» эгер кокус Кыргызстанда «оңдолбос бирдеке болуп, кан төгүлүп кетсе» киреше табышат деп айткан болчу.

Келдибеков, Дүйшөбаев жана Бекназаров алгач Атамбаевден 18 млн сом талап кылышкан, бирок сот алардын талаптарын жарым-жартылай 300 миң сомго чейин канааттандырган.