Нарын Айыптын программасынан алынган скриншот

30-сентябрь күнү «5-каналда» журналист Нарын Айыптын репортажы чыгып, анда ал «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салуу болгон окуя тууралуу сөз кылган.

Нарын Айып беш мүнөттүн ичинде Кулчумановго болгон кол салуунун таржымалын кыскача баяндап берген. Анын айтымында, кол салуу орун алган учурда чын эле эмне болгону белгисиз. Ошондой эле ал окуя эртең менен болгонуна карабастан, «Азаттыктын» редакциясы бул тууралуу кечинде гана билдиргенин кошумчалаган.

«Жетекчилик бул окуяны коомчулукка кантип жеткирүүнү көпкө ойлонгон сыяктуу. Жабырлануучу тарап, эгер аны деги эле жабырланган деп эсептей алсак, “Азаттыктын” Оштогу туруктуу кабарчысы менен байланышып, ал съемка учурунда оператордун жанында болбогонун, оператор анын буйрутмасы боюнча иштебегенин аныктаган», — деди Айып.

Берүүдө Кулчумановду съемка боло турчу жерге алып барган оштук таксисттин интервьюсунун үзүндүсү да келтирилген. Айдоочунун айтымында, белгисиз адамдар анын телефонун, ошондой эле, «Азаттыктын» кызматкери башкарган дрондун пультун, телефонун жана башка жабдууларын тартып алышкан. Ошол эле маалда Айып таксист күч аракеттер тууралуу эч нерсе айтпаганын белгилеп өткөн.

«Эгер сиз кайсы бир жерде кандайдыр бир съемка кылгыңыз келсе, алдын ала жергиликтүү бийлик менен да, жеке сектордун тургундары менен да макулдашып алыш керек, [анткени] анын максаттарын башкалар дароо түшүнө албай калышы мүмкүн», — деп билдирет Айып.

Берүүнүн калган убактысы «Азаттыктын» айланасында болгон чыр-чатактарды айтып берүүгө арналган. Мындан тышкары, Айып журналисттер Кыргызстандын чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн убадаланган уландысын чыгарышкан эмес, ошондой эле, «Азаттык» үналгысынын башка өлкөлөрдөгү редакциялары да сындын объектиси болуп калганын билдирди.

«Азаттыктын» редакциясынан Айыптын сюжетине комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Азаттыктын» операторуна кол салуу

28-сентябрь күнү Ошто белгисиз төрт адам «Азаттыктын» журналисти Айбек Кулчумановго кол салышкан — ал Матраимовдун үйүнөн алыс эмес жерде дрон менен съемка кылып жүргөн. Белгисиз адамдар журналисттин техникасын жана дрондун пультун тартып алып, кийинчерээк кайтарып беришкен.

Ош милициясы кол салган адамдар Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «жакындары» экенин кабарлаган. Милиция Кулчумановдун арызынын негизинде «Карактоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Кол салган адамдар да «Азаттыктын» кызматкеринин үстүнөн арыз жазышкан.

Алардын версиясы боюнча, Кулчуманов «жеке менчикке кирген», ал эми журналисттин дрону алардын багбанынын башына кулап түшкөн.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдиргендей, өкмөт Айбек Кулчумановго кол салууга «кабатырланууда», бирок окуянын чоо-жайын тергөө териштириши керек.

Ал эми социалдык өнүгүү министринин орун басары Дайырбек Орунбеков бул окуяга карата «куру сенсациянын артынан кууп», «бир объектти атайын жаман көрсөтүп» жүргөн журналисттердин сөз эркиндиги менен эч кандай байланышы жок деген сынын айткан.

Бул эмне үчүн маанилүү?

«Азаттыктын» келерки иликтөөсү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердигине байланыштуу. Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандагы эң таасирлүү жана эң бай үй-бүлөлөрдүн бири деп саналат.

Бул үй-бүлөөнүн эң таанымал мүчөлөрүнүн бири — эл ичинде «Райым-миллион» деп аталган бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Анын агасы Искендер Матраимов — парламенттин депутаты, алардын дагы бир иниси — Ислам Матраимов — финансылык полицияда иштеген.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Ош облусунун Кара-Суу районунан болот. Бүгүнкү күндө Тилек Матраимов ушул райондун акими болуп иштейт, ал эми дагы бир тууган иниси Руслан Матраимов үй-бүлөлүк «Исмаил Ата» кайрымдуулук фондун жетектейт. Мындан тышкары, эже-сиңди Матраимовдор Бишкек жана Ош шаарларында ишкерлик кылышат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосунда саясий тиреш башталгандан кийин, мурдагы президент өлкөнүн учурдагы башчысынын шайлоо алдындагы кампаниясын тек гана Матраимовдордун үй-бүлөсү каржылаган деп кыйытып айтып жүргөн.

Май айында «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандын чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө жарыялаган. Алардын ою боюнча, буга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн. Бирок, депутат Искендер Матраимов журналисттердин жүйөлөрүн төгүндөп, бул иликтөөнү «буйрутма» деп атаган.

Бийлик Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшерүү ишин үстүбүздөгү жылдын январында эле баштаган, бирок анын жыйынтыктарын бүгүнкү күнгө чейин ачыкташа элек. Финполиция текшерүү уланып жатканын бир нече жолу билдирип, андан тышкары, чет өлкөдө Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн мүлктөрү жана активдери табылган эместигин маалымдаган.