Социалдык тармактардын кыргыз сегменти эки күндөн бери Назик Матраимованын туулган күнүн кызуу талкуулап жатат. Ал 18 жашка толгонун бир нече күн мурун Бишкектеги «Хаятт» мейманканасында белгилеген. Кээ бир колдонуучулар кызды коргоп чыгышса, башкалары салтанаттын өтүшүн сынга алышкан. Алдыда эмне болуп жатканын түшүндүрүп беребиз.

Эмнеден башталган?

30-сентябрда твиттерде «Райым миллиондун кызы» туулган күнүн тосуп жатканы көрсөтүлгөн видео жарыяланган.

Кийинчерээк коомдук тармактардын башка колдонуучулары бул видеодо туулган күнүн бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тууганы Назик белгилеп жатканын билдиришкен.

Кээ бир колдонуучулар билдиришкендей, Назик Матраимованын туулган күнү үчүн «Хаятт» мейманканасынын биринчи кабатын толугу менен ижарага алышкан.

Бирок мейманкананын өкүлдөрү белгилеп өтүшкөндөй, мындай кызматтар көрсөтүлбөйт, каалоочулар өзүнчө залдарды гана ижарага ала алышат. Мейманканадан Назик Матраимованын туулган күнү үчүн кайсы зал ижарага алынгандыгын жана салтанатка канча адам чакырылганын айтуудан баш тартышты.

Кыздын туулган күнүнө барып ырдаган артисттердин арасында ырчы Мирбек Атабеков, андан тышкары, ПБЛ-75 рэп-жамааты да болгон.

Матраимовдор эмне дешүүдө?

Бир нече күн өткөндөн кийин инстаграмда Назик Матраимованын атынан делген пост жарыяланган. Анда ал туулган күнүнүн айланасындагы резонанс боюнча пикирин билдирген.

«Эгер адам жакшы көргөн кызына ушундай белек кыла алса, эмнеге болбосун? Эгер каалооң болсо 25 миң еврону биздин өлкөдөн деле эки айда тапсаң болот [...] Силер да, ЖК да, президент да, орой айтканда, менин үй-бүлөөмө карата кандайдыр бир жаман нерсе айта албайт. Жумшак айтканда, алар биздин достор», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок кийинчерээк парламенттин депутаты Искендер Матраимов пост тууралуу комментарий берген. Ал инстаграмдагы кыздын аккаунту — фейк экенин айтып, «саясий иштер балдарга тийиштүү болбошу керек» деп кошумчалаган.

«Назик — менин тууганым. Ал азыр болуп өткөн окуянын айынан депрессияда [...] Кызга тийишип кереги бар беле? Эгер ал өзүн бир нерсе кылып салга ким жооп берет? Университетке барбай, үйдөн чыкпай жатат», — деди Матраимов.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Депутат Матраимовдун тууганынын айласындагы коомдук резонанс 28-сентябрда Ошто болгон «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салуунун шартында башталган.

Ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердиги тууралуу кезектеги иликтөө үчүн видео тартып жатканда, белгисиз төрт адам тарабынан сабалган. Кол салгандар андан кийин видео жабдуулар менен документтерин алып кетишкен.

Кийинчерээк Ош милициясы кол салгандар Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «жакындары» экенин кабарлаган. Алар да Кулчумановдун үстүнөн милицияга арыз жазышып, аны «жеке менчикке» уруксатсыз кирүүгө айыптап, андан тышкары, оператордун дрону алардын багбанчысынын башына учуп түшкөнүн билдиришкен.

«Азаттык» редакциясы бул окуяны сөз эркиндигине кол салуу акты катары баалаган.

Май айында «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандын чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө жарыялаган. Алардын ою боюнча, буга Матраимовдордун үй-бүлө мүчөлөрү тиешелүү болушу мүмкүн. Депутат Искендер Матраимов бул иликтөөнү «буйрутма» деп атап, ал эми финпол иликтөөдөгү жүйөлөрдү териштирүүгө киришкен.

Матраимовдор Кыргызстанда эң эле бай жана таасирлүү үй-бүлөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Январь айында президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен алардын мүлкү текшериле баштаган, бирок анын жыйынтыктары бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери бир нече жолу Жээнбековду Матраимводор менен байланышы бар деп айыпташкан.