«Азаттык» ИИМ менен Башкы прокуратурадан операторуна кол салуу боюнча ишти Бишкекте иликтөөнү суранды

«Азаттыктын» редакциясы 4-октябрда Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурага карата жазган кайрылуусун жарыялады.

Басылманын журналисттери «Оштогу укук коргоо органдарына айрым бир кызыкдар тараптардан басым болуп, бул жагдай тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү тобокелчилигин пайда кылышы мүмкүн» деп кооптонушууда.

«Айбек Кулчуманов Бишкекке келип, учурда ооруканалардын биринде тийиштүү медициналык жардам алып жатат. “Азаттык” өз кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо максатында Кулчуманов менен Оштогу аймактык кабарчысы Ыдырыс Исаковду Оштон Бишкекке алып келди», — деп айтылат кайрылууда.

4-октябрда Оштун сот-медициналык эксперттери Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн багбанчысынын баш мээси чайкалган деген диагноз коюшкан — анын башына дрон кулап түшкөн ыктымал, ал эми Кулчумановдон жараат табышкан эмес.

Буга чейин ИИМ «Азаттыктын» операторуна кол салуу боюнча окуяны иликтөө ведомствонун жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин кабарлаган болчу.

Айбек Кулчумановго 28-сентябрь күнү Ошто кол салышкан. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердиги тууралуу кезектеги иликтөө үчүн дронго тасма тартып жүргөндө, белгисиз төрт киши андан дрондун пульттун, 1,5 млн сомдук видео жабдыктарды жана документтерди тартып алышкан.

Кол салгандар техникалык жабдыктардын бардыгын ошол эле күнү кечинде милицияга алып келип беришкен. Алар Кулчумановдун үстүнөн арыз жазышып, аны «жеке менчикке уруксатсыз кирүүгө» айыпташкан. Басылманын журналисти да кол салган адамдырга каршы арыз жазган.

Кийинчерээк милиция кол салган кишилер — Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «жакындары» экенин маалымдаган. Ал эми депутат Искендер Матраимов Кулчумановго күч колдонулбаганын билдирген.