Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда «Борбордук Азиядагы санарип трансформация» конференциясында сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы Кыргызстандагы санариптештирүү маселелери жана ийгиликтери жөнүндө, ошондой эле бийликтин алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. «Клооп» маанилүүлөрүн баяндап берет.

Кыргызстан санариптештирүү боюнча региондогу алдыӊкы орунга чыгыш керек. Президенттин айтымында, интернеттин жоктугунун айынан бардык аймактар санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана алышпайт, ошондуктан бул азырынча ишке аша элек. Дагы бир көйгөй — санарип технологияларын бардык мамлекеттик органдар колдонушпайт.

Санарип кызматтар пайда алып келүүдө. Президенттин айтымында, «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайган, ал эми жол кырсыгынын саны эки эсе кыскарган. «Түндүк» системасы дагы бир ийгиликтүү мисал болду — анын жардамы менен маморгандар батыраак маалымат алмаша башташты. Мындан тышкары, санариптештирүү соттук жана укук коргоо системаларында, ошондой эле прокуратураларда уланууда.

Маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук. Өлкө башчысы кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын «кол тийгис» деп атап, «адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок» экенин билдирди. Ошондой эле Жээнбеков киберкоопсуздукту камсыздоонун жана жарандардын ички маалыматтарын коргоонун «жетиштүү деңгээли» камсыздандырылышы керектигин айтты. Анын айтымында, өлкөнүн өкмөтү киберкоопсуздук боюнча чараларды кабыл алганын, эми болсо «бул багытта эң жаңы технологияларды киргизүү» муктаждыгы бар.

Алдыдагы пландары тууралуу. Жээнбековдун билдиришинче, өлкөдө санарип коомчулукту түзүү керек, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарын жаңы технологиянын жардамы менен жакшыртуу кажет. Андан тышкары, санариптештирүү эмгек өндүрүшүн жогорулатууга жардам берүүсү зарыл, ал эми Кыргызстан аймактагы «технологиялык трансфер» борборуна айланышы керек. Дал ошондуктан бийлик өздүк IT продукттары менен долбоорлорду өндүрүүнү колдошу кажет.

Президент санариптештирүү өзүнүн саясатындагы башкы багыттардын бири экенин бир нече жолу билдирген. Ошондой эле ал 2019-жылды аймактарды санариптештирүү жылы деп да белгиледи.