Кримтөбөл Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотко өттү — Башкы прокуратура

4-октябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин кабарлады.

Тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башка мурдагы аткаминерлерге «Уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупцияны уюштуруу» беренеси боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу кабар беришти.

«[Ишти] иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 2-октябрда айыптоо актылары бекитилип, актылар айыпталып жаткан Индира Жолдубаевага, Калыбек Качкыналиевге жана Абдухалим Раимжановго тапшырылды», — деп кошумчалашты Башкы прокуратурадан.

Батукаев абактан бошотулуп жаткан убакта Калыбек Качкыналиев ЖАМКтын төрагасынын кеңешчиси болуп турган. Абдухалим Раимжанов да — тергөө Батукаевдин бошотулушуна байланыштырып жаткан Кыргызстандын илимдер академисынын мүчөсү жана врач профессор.

Кыргызстандын бийлиги кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушундагы жагдайларды ушул жылдын жазынан тарта кайрадан иликтеп баштаган. Бул Атамбаевди экс-президент макамынан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратуу үчүн себептердин бири болгон.

Бул ишке байланыштуу көптөгөн аткаминерлер үй камагына кетирилген — мисалы, ЖАМКТын экс-башчысы жана учурда депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, андан тышкары экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов.

Алардан тышкары, Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишке байланыштуу болгон врачтар менен судьялар тергөөгө алынган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» диагнозу менен абактан бошотулган. Ал абактан чыккандан кийин дароо Орусияга учуп кеткен, ал эми анын медициналык маалым каттары жасалма экени белгилүү болгон. Кыргыз тарап Батукаевди экстрадициялоо тууралуу орусиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен мындай майнап чыккан эмес.