Ош шаары 5-октябрда 3019 жылдыгын белгиледи. Кыргызстандын экинчи борборунун туулган күнүн белгилөө таңкы саат 10до боорсок фестивалы менен башталды.

Мындан тышкары, борбордук аянтта концерттик программа жана сахналаштырылган оюн-зоок өттү. Ошондой эле, жергиликтүү айыл чарба азыктарынын жарманкеси уюштурулду. Майрамдык иш-чара «Салбуурун» федерациясы уюштурган спорттук оюндар менен коштолду: «Бүркүт салуу», «Тайган жарыш», «Жаа атуу».

Майрамдык салтанаттын алкагында «Ак ниет» сейил багы пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, мэр Таалайбек Сарыбашов жана калаа тургундары катышты. Сейил бакты курууга 28 млн сом сарпталган. Анын узундугу 850 метр жана туурасы 20 метрге чейин жетет.

Майрамдык иш-чара кечки саат 18:30да Сүйүмбаев Акматбек стадионунда өткөн концерт менен жыйынтыкталды. Мэриядан жалпы салтанатты уюштурууга бир миллион сомдой жумшалганын билдиришти.

Ош — Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири.

Фотосүрөттөрдүн редактору: Хамидулло Узаков