Солдон оңго: Өмүрбек Текебаев, Кадырбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов

Учурдагы депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тою 6-октябрда Бишкектин ресторандарынын биринде болуп өттү. Коноктордун арасында экс-депутаттар Өмүрбек Текебаев жана Өмүрбек Бабанов, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев болгон.

Эки саясатчы тең — Текебаев жана Бабанов — ар убакта Алмазбек Атамбаевдин атаандаштары болушкан. Бирок, Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен араздашып, ар кандай кылмыштарга айыпталып ТИЗОго киргизилгенден кийин Текебаев менен Бабанов оппозициядан чыгышкан.

Атамбаев жана Текебаев

Саясатчылар Атамбаев 2016-жылы Текебаев сынга алган конституцияга түзөтүүлөрдү демилгелеп чыкканга чейин тарапкерлер болушкан. Текебаев Атамбаевге импичмент жарыялоо үчүн бардык негиздер бар экенин билдирип, бирок бул процедураны баштоого үлгүрбөй калган.

Ага орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун ордуна Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга шарт түзүп бермекчи болгон. 2017-жылы сот Текебаевди күнөөлүү деп таап, 8 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Мунапыска байланыштуу анын жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган.

Үстүбүздөгү жылдын августунда Жогорку сот Текебаевге карата чечимдердин бардыгын жокко чыгарып, аны кайра кароого жөнөткөн. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны абактан үй камагына коё берген.

Атамбаев жана Бабанов

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо атамбаевчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Атамбаев президенттик кызматта отурган кезинде Бабановду, ал шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда, ошол маалда президент болуп турган Нурсултан Назарбаев менен жолугушканы үчүн бир нече жолу казак бийлигинин «кол баласы» деп атаган.

Бабанов шайлоодон Сооронбай Жээнбековго утулуп, көп өтпөй саясаттан кетээрин билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен. Шайлоого чейинки жарыш учурунда Бабановго каршы «улуттар аралык кастыктык козутуу» жана «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыкка даярдануу» боюнча кылмыш иштери козголгон. Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ушул эле беренелер боюнча ага каршы дагы бир кылмыш иши козголгон.

Саясатчы Кыргызстанга 2019-жылдын августунда гана кайтып келген. Мекенине кайтып келээр алдында Бабанов интервью берип, Атамбаев жана Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Акыркылары Бабановго карата кылмыш куугунтугун токтотуп, анын туугандары менен үзөңгүлөштөрүнө басым кылбоону убада кылышкан.

Азыр Бабанов күбө катары сегиз кылмыш иши боюнча сурак берүүдө.