Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Chris Blank / flickr

28-сентябрь күнү Ош шаарында бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындары «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго сал салышкан. Окуя Кулчуманов дронду башкарып, Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу кезектеги иликтөө үчүн видео тартып жатканда орун алган.

Биз дрон учурууга уруксат алууга болобу жана кантип жагымсыз абалга туш болуп калбаш керектигин билүүгө аракет кылдык.

Дрон учурууну жарандык авиация агенттиги менен макулдашуу керек

Кыргызстандын мыйзамы боюнча, дрондордун учушу «Аба кодексинин» талаптары боюнча жөнгө салынат. Анда «дрон» же «коптер» деген түшүнүктөр жок, бирок «колго жасалган аба кемеси», «өтө жеңил аба кемеси» жана «учкучсуз аба кемеси» деген терминдер жазылган.

Мыйзамга ылайык, учкучсуз аппараттын салмагы 10 кг ашпашы зарыл, ал эми анын учуу бийиктиги 100 метрден жогору болбошу керек. Ал пульт менен башкарылышы керек — ушул критерийлер боюнча дрон «Учкучсуз аба кемеси» деген терминге туш келип калат.

Бирок «Аба кодексинин» беренелеринин биринде учкучсуз аба кемелерин жарандык авиация органдарынын уруксаты менен гана учурууга болот деп айтылат — тагыраагы, бул агенттик ар бир дрондун учурулушун көзөмөлдөп, аны каттап турушу керек.

«Учкучсуз аба кемелери учууларды жарандык авиация органынын уруксатынын негизинде аткарат. Учкучсуз аба кемелеринин учуу эрежелери учкуч-башкаруучу аба кемелери менен биргелешип Кыргызстандык авиациялык эрежелери менен аныкталат», — деп айтылат кодексте.

Бирок жарандык авиация агенттиги азырынча дрондорду каттабайт

Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинен «Клоопко» буга чейин дронду каттоого алышпаганын кабарлашты. Алардын айтымында, ведомстводо дрондор үчүн авиациялык эрежелер жок, бирок алар бекитүү баскычында турат.

«Бизде “Аба кодекси” менен коллизия бар. [Кодексте] аймак боюнча учуруу уруксат боюнча жүргүзүлөт деп жазылган. Кайсы уруксат? Сиз кимден уруксат сурайсыз? Элестетсеңиз, баары шаар боюнча ошол оюнчуктарын алып алышып — беш миң дейли, күндө жарандык авиация органына чалып, мен үч метр бийиктикте учурушум үчүн уруксат бериңиз деп айтып турушса, эмне болот?» — деп түшүндүрүүгө аракет кылышты ведомстводон.

Бирок эгер мен дронду мыйзамга ылайык учургум келсе эмне кылам?

«Институт медиа полиси» билдиргендей, мыйзам боюнча дрон учурууга уруксат алса болот. Бирок мындай учурда, жарандык авиация агенттиги сизди диспетчер, аба-ырайы жана абадагы башка объекттер менен кагылышуу мүмкүндүгү (мисалы, учак менен) тууралуу маалымат менен камсыздашы керек.

Аба кемелери учуп жүрүшкөндө бири-бири менен кагылышпай, өз ара коопсуз аралыкта учушу үчүн уруксат керектелет. Анын үстүнө дронду учурууну үч суткадан кем эмес убакыт ичинде улуттук коопсуздук органдары менен да макулдашыш керек. Бирок иш жүзүндө бул иштебейт.

Учкучсуз кемелерди каттоо аларды кылмыш же аңдуу үчүн да колдонулуп кетпеши үчүн керек. Мындай жагдайлардын бири 2018-жылы августта Венесуэлада болгон — ал учурда белгисиз адамдар дронго жарылуучу затты туташтырып, өлкөнүн президентин өлтүрүүгө аракет кылышкан.

Дронду кайсы жерден абага мыйзамдуу учура алам?

Кыргызстандын мыйзамы боюнча, объекттер үч категорияга бөлүнөт — «өтө маанилүү объектилер», «маанилүү» жана «олуттуу». «Институт медиа полиси» билдиргендей, дронду «өтө маанилүү объектилердин» үстүндө учуруу үчүн улуттук коопсуздук органдарынан жок дегенде беш күн мурда уруксат алыш керек.

Мындай объекттерге стратегиялык, ири өнөр-жай жана аскерий объекттер кирет — мисалы, «Кумтөр» же Токтогул ГЭСи.

Дронго жеке менчикти тартууга болот, эгер маалымат «жарандардын эркиндигине, мыйзамдарына, укуктарына тиешелүү коомдук кызыкчылыкты» чагылдырган болсо. Мисалы, кызмат адамдарынын мыйзам бузууларуу же коомдун коопсуздугуна коркунуч тууралуу маалыматтар.

«Жеке кызыкчылык эмес, сөз чындыгында эле коомдук кызыкчылык тууралуу болуп жаткан учурда, башкача айтканда, бакубатчылыкты, туруктуулукту, коопсуздукту жана коомдун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого байланыштуу болгон учурда», — деп айтышты «Институт медиа полисинин» юристтери.

Бирок адамдын «жеке жашоосунун кол тийбестик» укугунда эстен чыгарбаш керек, анткени аны бузуу кылмыш жоопкечиликке алып келиши мүмкүн.

Юрист Фатима Якупбаева билдиргендей, мыйзамда учкучу жок кеменин уча турчу минималдык бийиктиги жазылган эмес жана бул жагымсыз жагдайга алып келиши мүмкүн.

Анын айтымында, дрон менен тартуу учурунда оператор адамдын бетин же анын жылаңач денесин тааный албай турчу сүрөткө негизделиши керек.

Менден дронду ким тартып алышы мүмкүн?

Якупбаева укук коргоо органдары дронду соттун чечими боюнча гана алып алууга укуктары бар экенин билдирүүдө. Бирок эгер адам оператордун үстүнөн милицияга арыз жазса — укук коргоо органдары тергөөнүн алкагында дрондун ичиндеги маалыматты алып коё алышат.

Эгер оператордон учкучсуз аппаратты кадимки эле жаран тартып алган болсо — тоноо боюнча милицияга арыз жазуу керек, ал эми кол салуу орун алган болсо, анда карактоо боюнча да.