Франциялык фотосүрөтчү Эллиот Вердье Кыргызстанда төрт ай жүрүп, бул убакытта Ысык-Көлгө барып келген, жергиликтүү шахтёрлор, жумушчулар жана студенттер, ошондой эле балдар үйүндө жашап кеткен жана жашап жаткандар менен таанышкан.

Анын саякатынын жыйынтыгы «A Shaded Path» фото долбоорго айланган. Муну кыргызчага «Көлөкөлүү чыйыр жол» деп которсо болот.

«Долбоор бул өлкөдөгү муундардын ортосундагы айырманы белгилейт — жоготулган Союзга куса болуп жаткандар менен таптакыр эле батыштагыдай жашап жаткан жаштар», — деп сүрөтчү өзүнүн ишин түшүндүрөт.

«Клооптун» редакциясы Вердьеден уруксат алып, окурмандарга сүрөттөрүн бөлүшөт.