Бажы кызматы Матраимов менен ведомствонун төрагасы түшкөн сүрөт 2015-жылы тартылганын билдирди

Сүрөттү биринчилерден «Дело №» гезити жарыялаган. Журналисттер редакцияга сүрөттү окурман жөнөткөн деп билдиришкен.

Сүрөттө эркек кишилерден турган топ тартылган. Алардын арасынан бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду тааныса болот.

Сүрөт анчейин сапатту эмес, ошондуктан журналисттер анын оң жагында бажынын учурдагы башчысы Алтынбек Торутаев, ал эми солдо — бажы кызматташтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын министри Нурлан Акматов турат деп божомолдошкон.

Райымбек Матраимов ортодо.

Бажы кызматынын өкүлдөрү билдиришкендей, бул сүрөт 2015-жылы Оштун чет жакасында тартылган.

«Ал убакта Райымбек Матраимов Ош бажысынын башчылык кызматын ээлеп турган. Ал 1997-жылдан 2017-жылга чейин бажы органдардын системасындагы ар кандай кызматтарда эмгектенген», — деп келтирет ведомствонун айткандарын Kaktus Media басылмасы.

Ошондой эле кызматтан сүрөттө 2017-жылы күзүндө жол кырсыгынан улам каза тапкан Шарабидин Марифов бар экенин билдиришти.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Райымбек Матраимов — Кыргызстандагы көп убакыт боюэл көзүнө көрүнбөгөн аткаминерлердин бири болуп келген. Анын үй-бүлөсү өлкөдөгү эң бай жана эң таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп саналат, ал эми эл ичинде аны «Райым миллион» деп аташат.

Райымбек Матраимовго карата коомдун кызыгуусу 2017-жылдын башында «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин күчөгөн. Ал учурда журналисттер Матраимовдон кыймылсыз мүлк, бизнес жана башка активдерди табышкан. Бирок ошол эле маалда анын бир жылдык расмий кирешеси 8,5 миң доллардан бир аз ашыгыраак сумманы түзүп турган.

Матраимов 2017-жылы күзүндө бажы башчысынын орун басарлык кызматынын алынгандан кийин ачыгыраак болуп калган. Ал бул чечимдин үстүнөн сотко даттанган. 2019-жылдын жазында Жогорку сот аны кызматына кайтарган.

Мындан тышкары, Райымбек Матраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ачык каршы чыккан, анткени экс-президент өлкө башчылык кызматтан кеткенден кийин аны Сооронбай Жээнбеков менен байланыш үчүн айыптай баштаган.

2019-жылдын жазында Матраимовдордун үй-бүлөсү кайрадан коомдун көңүл чордонуна түшкөн — «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө чыгарышып, буга Матраимовдор тиешелүү болушу мүмкүн деп билдиришкен.

Райымбектин агасы жана парламенттин депутаты Искендер Матраимов журналисттердин жүйөөлөрүн төгүндөп, иликтөөнү «буйрутма» деп атаган. Мындан тышкары январь айында финпол президенттин жарлыгы боюнча Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Текшерүү иши кайсы баскычта экени жана качан бүтөөрү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.