Полиция кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча эки кылмыш ишин козгоду — Новосибирск

Кыргызстандын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Новосибирсктин полициясы Кыргызстандын атуулдары катышкан маасалык мушташ боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Иш «Бейбаштык» жана «Акча опузалоо» беренелеринин негизинде козголгон.

«Аймактык органдарга сурактан кийин кайра коё берилген 25 адам жеткирилген. Жабыркагандардын бешөөсүнө медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен экөөсү ооруканага жаткырылган», — деп билдирет ИИМ.

Новосибирсктин ири базарынын жанындагы массалык мушташ 7-октябрь күнү күндүз орун алган. Орус маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, окуя болгон жерде ок атуунун үндөрү чыгып, эки машина өрттөлгөн.

Кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаркынбай Тойтуков «Азыркы Учур» басылмасына курган маегинде базарда негизинен Борбор Азиядан келгендер иштешээрин жана алар жашылча жемиштерди сатышаарын билдирген. Анын айтымында, сатуучуларды «бандиттер» келип «дайыма тоноп турушчу».

«Ошол күнү чыдамдары кетип, бетме-бет көрүшүүгө чакырышыптыр. Алар топтошуп келишиптир, ошолор менен кагылыш болду. Травматика, бир нече адам, биздин жарандарга да тийиптир», — деп кабарлаган Тойтуков.

Ошол эле репортажда күбөлөрдүн бири жергиликтүү «Тамерлан» деген топ жергиликтүү соодагерлерди «бир нече жылдан бери тоноп, кысым кылып келе жатканын» айткан. Анын айтымында, полиция «кылмышкерлерди кармоонун ордуна, куралчан адамдарды кетирип салып жатат».

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, Новосибирсктеги массалыш мушташ боюнча иш элчинин жеке көзөмөлүнө алынган.