Кыздардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган сүрөт көргөзмөдөн алынган кадр. Сүрөт: "Интербилим" эл аралык борбору

Ош шаарында 11-октябрь Кыздардын эл аралык күнү белгиленди. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы паркта өтүп, ага 200гө жакын адам катышты. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы Химия Суеркулова маалымдады.

Төрайымдын айтымында, иш-чаранын максаты — кыздардын жашоого, ден соолукта болууга, билим алууга, кесип тандоого, өз каалоосу менен турмушка чыгууга болгон укуктарын коргоо.

«Бир жылда бир жолу болсо дагы кыздардын укуктарынын сакталышына байланыштуу маселелер козголуп, мамлекеттин дэңгээлинде тиешелүү программалар иштелип чыксын деген ниетте уюштурдук», — деди Суеркулова.

Майрамдык иш-чаранын алкагында концерттик программа жана кыздардын сүрөттөрүнөн турган көргөзмө уюштурулду. Мындан сырткары, медициналык кызматкерлер келип, кыздарга акысыз консультация беришти.

Кыздардын эл аралык күнүн 11-октябрда белгилөө 2012-жылы БУУ тарабынан кабыл алынган. Бул дата кыздардын социалдык көйгөйлөрүнө жана кыздар туш болгон теңсиздикке көңүл бурдуруу максатында календарда кызыл менен белгиленген.