Кантта кайгуул кызматкери «Лексустун» айдоочусун жарадар кылды

Кайгуул милициясынын кызматкери «Лексустун» айдоочусун машинасын патрулдук кызматтын талабы боюнча токтотпой укук коргоо кызматкерин сүзгөндөн кийин жарадар кылган.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 12-октябрда инспекторлор «Лексус» үлгүсүндөгү автоунааны токтотууга аракет кылышкан. Алар унаанын айдоочусу жолдо баратып телефон менен сүйлөшүп жатканын байкап калышкан.

«Лексус» унаасынын айдоочусу милиционерлердин токтотуу талабына карабастан айдоону улантып, бир инспекторду сүзүп, андан соң окуя болгон жерден кетип калган.

Мындан кийин милиционерлер кууп бара жатышкан машинага жетип барып аны токтотуу аракетин көрүшкөн.

«Айдоочу, авариялык абал жаратып, үн күчөткүч жабыдыгы иштеп бара жатканына жана кызматкерлердин микрофон аркылуу көрсөтмөсүнө карабастан кайгуул кызматынын автоунаасына ашып өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей койгон», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Натыйжада милициянын бир кызматкери эскертүү катары асманга ок чыгарып, андан кийин «Лексустун» дөңгөлөгүн теше аткан. Айдоочу машинасынан чыгып, милиционердин тапанчасын тартып алууга аракет кылганда инспектор ага ок чыгарган.

«Белгисиз айдоочу кызматкердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, андан тышкары, курал колдонуулары тууралуу оозеки эскертүүлөрдү этибарга албай, куралды ээлеп алуу максатында каршылык көрсөткөн, натыйжада курал колдонулган», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Инспекторлор ийинине ок тийип жарадар болгон айдоочуну Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы ооруканасына жеткиришкен.

Бул укук коргоо органдарынын кызматкери табелдик куралдан жаранды жарадар кылган бир аптанын ичинде болгон экинчи учур. 9-октябрда Уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн башчысы Бишкектеги жолдо чыккан жаңжалдан улам бир адамга карата ок чыгарган.