Сарышкин же Yella деген каймана аттары менен белгилүү болгон ырчы Назгүл Токтакунова «Супер-Инфо» гезитине маек курду. Ал күйөөсү Кубаныч Бакытов турмуш куруу максатында аны ала качып кеткенин айтып берди.

Ырчы айым интервьюсунда айтып бергендей, ала качуу болгон күнү анын болочок күйөөсү алардын жакын досторунун урушуп кеткендиги тууралуу айтып, аны алдоо жолу менен эшикке чыгарган. Кыз макул болуп, эшикке чыгып машинага отурган.

«Каякка келдик десем “Азыр үйгө келдик, машинаны токтотуп, башка машина менен кетебиз” деди. Машинадан чыксам койду кармагандай эле кармап туруп [үйгө] киргизип койду», — деди ырчы.

Мындан кийин жигит кызды үйүндөгү туугандарына алып кирген, алар аны «ак жоолук» кармап тегерете курчашкан. Кыздын айтымында, ал нес абалда болгон.

«Көшөгө киргизип отургандан кийин түшүнүп, ыйлап баштадым. [Күйөөм] жок. Алып кирди да, бир жакка жоголуп кеткен», — деп эскерди ал күндү ырчы айым.

Ал апасына ала качуу тууралуу айтып бергенден кийин «Ал жакшы бала, антип кишинин шагын сындырбаш керек» деген сөз уккан. Анткени менен анын байкеси артынан кууп келген, бирок ырчы айым баары жакшы экенин айткан.

«Башында 3-4 күнчө таң атпай ыйлап алып жүрдүм. Өзүм негизи ыйлаак эмесмин, бирок эмнеге экенин билбей эле ыйлап жаттым. “Кандай болот, эми эмне болот?” деген коркуу беле же эркиндигимди сагындымбы, билбейм. Жаш өткөн сайын эркиндикти катуу баалап калат экенсиң», — деп түшүндүрөт ырчы.

Күйөөсү ала качканын Назгүл «үйлөнүүнү кийинкиге жылдыра берди» деп актанган. Ал эми анын достору ала качкандан кийин «красавчик» деген сөздөр менен колдошкон. Ал кошумчалагандай, аялын кызганбайт, бирок анын кийген кийимине көз салып турат.

Балалуу болуу туралуу суроого ырчынын күйөөсү мындай жооп берген: «Назгүл мурункудай эле “Коё турабыз” деп жатат. Мен муну угуп отурбай эле акырын өзүм каалагандай ишимди кыла берем го». Ал эми Назгүл өзү бул суроого «Жашоодо бардыгы тагдырдын буйругу менен болоорун сездим. Буюрса» деп билдирген.

Назгүл Токтакунова — ырчы, композитор жана «ТНТ Music» долбоорунун резиденти. Анын инстаграм баракчасына гана 250 миңден ашуун колдонуучу жазылган. Анын белгилүү ырларынын катарына «Убить дебила», «Кусалык» жана «Сагынган кезде» аттуу чыгармалар кирет. Ырчынын күйөөсү Кубаныч Бакытов JAHMAN деген каймана ат менен таанымал. Ал композитор жана рэп аткаруучу.

«Клооптун» редакциясынан: «Супер-Инфонун» макаласында эмне туура эмес?

«Супер-Инфо» Кыргызстандагы эң көп сатылуучу жумалык гезит. Аны өлкө боюнча 50 000 адам сатып алат. Басылманын тиражы гана чоң эмес, алардын бардык кыргыз басылмаларынын ичинен социалдык тармактардагы аудиториясы да эң чоң — Инстаграмдагы жазылуучулардын саны 1,2 млндон ашат.

Кыргызстанда аялдын эркине каршы никеге тургузуу үчүн ала качуу 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок, ушуга карабастанда гезитте бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Гезиттин журналисттери да бул боюнча суроо узатышкан эмес.

Басылма макаланын темасы катары «Эгер Кубаныч ала качпаса 40 жашка чейин [жалгыз] жүрө бермекмин» деген сөздү тандап алган. Ошентип, никеге туруу үчүн аялды мажбурлап ала качуу кандайдыр бир позитивдүү жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес нерсе катары көрсөтүлөт. Өз кезегинде бул окурмандардын кылмышка карата көз карашына таасир этип коюшу мүмкүн.

Мисалы, интервьюнун видеосунун алдындагы комментарийлерде колдонуучулар ырчы айымдын күйөөсүн «красавчик» деп атап, анын аракеттерин макташкан.

Кыз уурдоо тууралуу макаланын аталышы манипулаяцияга окшоп кетет. Анда эгер ала качуу болбосо, андан да жаман болмок деген түшүнүк камтылган.

Макаланын каармандары бактылуу көрүнүп, ала качуу тууралуу күлүп айтып беришкен — бул да ала качууга болгон позитивдүү мамилени көрсөтүүдө.

2013-жылы парламент ала качуу үчүн каралган жазаны күчөтүп, 7 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. 2018-жылдын маалыматына ылайык, милиция ушул убакыт ичинде ала качуу боюнча 168 кылмыш ишин козгогон.

БУУнун гендердик маселелери боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө кыз ала качуу аркылуу түзүлгөн.