Бир кадр менен: Маданият министри, депутаттар жана Матраимовдун иниси Ошто отелдин ачылышында

Солдон оңго: Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, маданият министи Азамат Жаманкулов, бизнесмен Бозулан Мамазаиров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суунун акими Тилек Матраимов.

Ошто 12-октябрда жаңы беш жылдыздуу Jannat Resort Osh отели ачылды — анын ачылышында кызыл лентаны маданият министри Азамат Жаманкулов, парламенттин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Улугбек Ормонов жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кесишти.

Мейманкананын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов да катышышкан. Сарыбашов «эл үчүн мындай белек үчүн» уюштуруучуларга ыраазычылык билдирген.

Соңку эки ай ичинде аткаминерлер жеке ишканалардын ачылышында жүрүшкөнү бир нече жолу байкалган. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-октябрда Бишкекте «Dasmia» фитнес клубунун ачылышында кызыл лента кескен, ал эми 24-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык «Sheraton» отелинин ачылышына катышкан.