Кыргызстан курама командасынын коргоочулары экинчи таймда көп ката кетиргенине карабастан, оюндагы жалгыз гол пенальтиден кирген. Сүрөттө коргоочу Тамирлан Козубаев (№3). Сүрөт: КРФФ

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Улан-Батор шаарында Монголия командасын 2:1 эсебинде утуп, 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын алкагында өзүнүн алгачкы конокто ойногон беттешин утуп алды.

Кыргыз футболчулары оюндун биринчи бөлүмүндө чоң үстөмдүк кылып, ошонун арты менен беттеште жеңишке жетише алышкан.

Эсепти 14-мүнөттө Гүлжигил Алыкулов ачкан: Мирлан Мурзаев оң капталдан тепкен тобун Виталий Люкс өткөрүп жиберген, жыйынтыгында Алыкуловго дээрлик бош дарбазага тебүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн.

Кыргызстан экинчи голду биринчи таймдын аягында киргизген. Кайрат Жыргалбек уулунун айып соккусунан тепкен тобу монголиялык коргоочуга тийип, Мирлан Мурзаевдин алдына келген — ал топту дарбазага узаткан.

Экинчи таймда Кыргызстанда мындай артыкчылык болгон жок. 57-мүнөттө монголиялык оюнчулар пенальтиден гол киргизишкен: Валерий Кичин өзүнүн айып зонасында Оюнбаатырын Мижиддоржага каршы оюнда эреже бузган, ал эми Норжмоо Цеденбал топту 11 метрлик жерден так дарбазага узаткан.

Валерий Кичиндин (№2) фолу Кыргызстан курамасынын дарбазасына пенальти коюуга себеп болгон. Сүрөт: КРФФ

Күчтүүрөөк атаандашка гол киргизгенден кийин монголиялыктар жанданып, бир катар чабуулдарды уюштурушкан. Чабуулдардын бир нечеси кыргыз коргоочулары кетирген каталарынын айынан башталган.

Оюндун 88-мүнөтүндө Монголиянын футболчулары эсеп санын теңегенге аз калышкан: Тамирлан Козубаевдын кетирген катасынан улам Наранболд Ниям-Осор кыргыз дарбазачысы Павел Матяш менен бетме-бет чыккан. Бирок Козубаев монголиялык чабуулчуну кууп жетип, анын чабуулун токтотуу менен өзүнүн катасын оңдоп кеткен.

Кыргызстан тандоо баскычында экинчи жолу утуп, упай боюнча Тажикстан менен теңелди. Мындан тышкары, киргизген жана коё берген голдордун саны боюнча Тажикстанга караганда артыкчылыкка ээ.

Бирок Тажикстанда дагы бир оюну бар: бүгүн бул команда өзүнүн талаасында F тайпасынын лидери Жапония курамасы менен беттешет.

Тандоо баскычынын кийинки циклына тайпанын бир же эки мыкты командасы өтөт. Тайпадагы экинчи орун үчүн Кыргызстан менен Тажикстан ат салышаары күтүлүүдө. Алардын оюну Бишкекте 19-ноябрда өтөт.

Кыргызстан буга чейин 15-ноябрда өзүнүн талаасында Жапония курама командасын кабыл алат.