Бул материалды биз «БТА Банкты» өзүнө бириктирип, 2020-жылы Кыргызстандагы ири филиалдардын түйүнү жана чоң уставдык капиталга ээ болуп, ири банкка айлануу алдында турган «Бакай Банк» менен биргеликте жаздык.

Жыл сайын Apple компаниясы жаңы смартфондордун тизмегин сунуштап келет. Бул ирет ал iPhone 11 менен тааныштырып буйрутма берсе болоорун жарыялады. Аталган смартфон компания үчүн рекорддук төмөн баада 700 АКШ долларына сатылууда.

Кыргызстанда бул смартфондор 51 000 сомдон (ортомчулар аркылуу АКШдан буйрутма менен жеткирсе) 79 000 сомго чейин (жергиликтүү дүкөндөрдө). Эгер сизде мындай акча каражаты жок болсо, анда каалаган смартфонуңузду (же эмне керек болсо) сатып алуунун бир нече ыкмасы бар.

«Бакай Банк» менен биргеликте кымбат сатып алууларды кандай пландаса болоорун iPhone 11дин мисалында тизмектеп беребиз.

Шарттары: бизде 10 000 сом бар, айлык 20 500 сом (Улуттук статкомдун Бишкектеги орточо эмгек акы маалыматы боюнча) жана iPhone 11ди сатып алууга болгон каалообуз күч.

Дисклеймер: эмгек акынын бул суммасы да, iPhone да мисал түрүндө берилди жана алдыдагы эсептөөлөр үчүн алынды. Бул сөзсүз эле ушуну сатып алуу керек дегенди түшүндүрбөйт (чечим албетте сизде). Бул эсепке башка сатып алууларды дагы койсоңуз болот.

Насыя алуу

Ушул эле сценарий менен сиз iPhone 11ди АКШдан курьер аркылуу сатып алсаңыз болот. Бардыгы болуп сизге 51 000 сом гана керек: Apple сайтында аппарат 49 000 сом турат, 2000 сомго жакын акчаны жеткирип берүү жана бажы төлөмүнө бересиз.

Мындай каражатты табуунун бир жолу - насыя. Бизге өнөктөш - дүкөндөргө (мүмкүн телефондун баасын жогорулатып коюшат) байлабастан акчаны жөн гана чыгарып берүү керек. Бирден бир варианты-“Бакай Банктан” “Бир күндө насыясы”.

Ошондо биздин эсеп мындай:

Керектелүүчү сумма:

51 000 сом

Ар бир айда төлөө керек:

5877 сом

Убакыт ичинде:

10 ай

Банк койгон баа:

7 775 сом

Наркы:

32 %

Насыя вариантын карап жатып, алдын ала төлөөдөн дароо сатып алуу натыйжалуубу - өзүңүз үчүн чечим кабыл алыңыз. Биз билгенден алдын-ала төлөө 7 775 сом/ 10 ай колдонуу менен = 777 сом айына.

Эгер сиз 777 сом ай сайын берүүгө макул болсоңуз, телефонду азыр дароо алып колдоносуз, анда ушул вариант сизге туура келет.

Роза Асанбекова

«Бакай Банктын»насыялоо башкармалыгынын башчысы

Абдан пайдалуу вариант — мөөнөттүн аягына жетпестен жарымына келгенде толук жаап салуу. Мындай кылса кардар төлөмдүн үстөк пайызын азайтат. Жарымын мөөнөтүнөн эрте төлөөдө банк үстөк пайызды албайт жана кардарга плюс болот. Андан сырткары кардардын насыялык тарыхы жазылып калат. Биз кардарларыбызга жеңилдиктерди берип, эгерде алар насыяны мөөнөтүнөн мурда төксө кийинки насыяларда жеңилдиктер берилет.


Насыянын мөөнөтүнө көңүл буруңуз: эгер сиз узак мөөнөткө алсаңыз, сиздин банкка болгон үстөк төлөмүңүз өсөт. Ыңгайлуу жолун табуу маанилүү. Биз билгенден бул 10-12 ай.

Башка маанилүү учур: сизге кепилдик бере турган адам керек. Иш берүүчү менен келишсе болот, бул кеңири таралган практика. Эгер сиз насыя боюнча төлөй албасаңыз, сиз үчүн эмгек акыңыздын эсебинен компания төлөйт.

Mega бөлүп төлөө программасы

Mega бөлүп төлөө - бул «Бакай Банк» жана Megacomдон смартфондорду сатып алууга атайын ойлонулуп табылган насыянын түрү. Бул үчүн баштапкы төлөм жана күрөө талап кылынбайт.

Негизи бул катардагы эле 25% жылдык насыя (же күрөө жок болсо 28%)

Оң жактары: баштапкы төлөм жана күрөө керектелбейт. Насыя ал тургай мурда насыясын убагында төлөй албай калгандарга дагы берилет.

Терс жактары: айфонду чек арадан жеткирүү менен буйрутма кылууга болбойт - бир гана Megacom дүкөнүнөн сатып алса болот.

Бөлүп төлөөнүн максималдуу мөөнөтү: 1,5 жыл

Кандай документтер керек: паспорт.

Megacom сатуу түйүндөрүндө iPhone 11 75 990 сом турат.

Мемоджи (сырткы көрүнүшү) iOS 13түн негизинде

Эсептөөлөр:

Керектелүүчү каражат:

75 990 сомов

Ар бир айда төлөө керек:

8 608 сом

Убакыт ичинде:

10 ай

Банк койгон баа:

10 089 сомов

Наркы:

28% (кепилдик бере турган адам болсо 25%га чейин төмөндөйт)

Эгер насыя боюнча төлөөөгө мүмкүн болбой жатса эмне кылуу керек?

Роза Асанбекова

«Бакай Банктын» насыялоо башкармалыгынын башчысы

Биринчиден банк тараптан телефон чалуулар башталат: кардардан себептерин сурашат. Күтүлбөгөн кырдаалдар болуп кетсе: жумуштан бошотуу, авария, ден-соолукка байланыштуу маселелер чыкса - ар дайым банкка төлөм кечигип жатканы тууралуу кабарлап туруу зарыл. Банк жүйөлүү себептерди дайыма түшүнөт. Сөзсүз түрдө насыялык кураторго эскертүү зарыл - банк кардардын абалын байкайт жана убактылуу көйгөй болсо жардам берет. Эгер кардар жумушу жок калып, жаңы жумуш табууга аракет кылып жатса, анда ал мөөнөтүн узартуу тууралуу билдирүү жазат. Мисалы, кардар азыркы учурда негизги сумманы төлөй албай жатканын, бирок башка булактар аркылуу пайызын гана төлөй алаарын айтат. Банк кардар менен биргеликте ошол убакыт аралыгындагы төлөмдүн тартибин өзгөртөт.


Топтоо жана iPhone 12 сатып алуу

Өз алдынча топтоо

Эгер ай сайын улам 10 000 сомдон чогултса, болжол менен беш айда iPhone 11 сатып алсаңыз болот. Бул жеке чөнтөк үчүн сезээрлик эле акча (биздин шартта бул айлыктын жарымы).

Андан аз акча бөлүп турса болот. Мисалы, айлыкты (20 500 сом) төрткө бөлүү:

1-бөлүк: милдеттүү төлөмдөр (коммуналдык кызматтар, мобилдик байланыш) – 5 125 сом.

2-бөлүк жана 3-бөлүк: (жана биринчи бөлүктүн калдыгы): сиздин бир айлык чыгашалар - 10 250 сом жана эки-үч миң биринчи бөлүк теориясында.

4-бөлүк: сиз акча салган кутуча-5 125 сом.

Мындай сценарий менен он айдан кийин сиз iPhone 11ге ээ болосуз.

Бул кеңештерди аткаруу оорчулугу биз үчүн көйгөй: бул үчүн тартип жана эрктин күчтүүлүгү керек, ага дагы пландалбаган окуялар (майрамдар, жаназа, сапар) өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизип турат.

Депозит аркылуу чогултуу

Кайра ала албай тургандай ай сайын акчаны салып сактоо дисциплинага көндүрөт, кошумча бир аз пайыздан пайда көрөсүз.

Эгер сиз чечкиндүү түрдө чогултууга умтулсаңыз, ар ай сайын акча салып, аны кайра албасаңыз анда салым менен капиталдаштыруу депозитин тандаңыз.

Бул сөз деген сиз чогултуп салган акчага гана пайыз кошулбастан, пайызга дагы пайыз кошулуп банк ай сайын сизге которуп турат (ооба, пайызга пайыз кошулат).

Кеңеш: Депозиттеги пайыздык өлчөм валютага жана төлөмдүн мөөнөтүнө көз каранды: сом менен жогору болот. Бирок, сиз кайсыл валюта менен эмгек акы алсаңыз депозитти ошол валюта менен ачсаңыз баарынан пайдалуу.

Биздин абалда 10 000 сом кампада бар. Анда биздин эсептер мындай көрүнөт:

Мемоджи — бул жолу стикерлер “Телеграмда”

Баштапкы төлөм:

10 000 сом

Топтоо керек:

51 000 сом

Убакыт ичинде:

9 ай

Пайыздык чен:

7,5% (төлөө мөөнөтү жана валютадан көз каранды)

Депозитти толтуруу:

4 400 сом

Жыйынтыгында сизде 51 181 сом болот, 1 901 сомду сиз пайыздардан иштеп табасыз.

Мээрим Жекшенова

«Бакай Банктын» кардарларды тейлөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси

Сиз эмгек акыңызды кайсыл валюта менен алсаңыз, ошол валютада депозит ачсаңыз эң пайдалуусу. Биздин мисалда, эгер техника сатып алууга акча чогултуп аткан болсо анда «Изобилие» жана «Капитал» депозиттерине келишет. Депозиттик өндүрүмдү тандоодон мурда биринчиден сиз акчаны эсебиңизден алууну пландап жатасызбы же кандай болгон күндө дагы чогултууга кол тийгис кылып калтырасызбы? Ушул маселени чечип алыңыз. Мисалы, «Изобилие» депозити эсепте эң аз дегенде 25 000 сом калган учурда суммадан 1% менен акчаны чыгаруу мүмкүнчүлүгүн караштырган.


Карызга акча алуу (банктан)

Сиз банктан белгилүү бир суммада акча алып турсаңыз болот, бул«овердрафт» деп аталат. Овердрафт белгилүү бир убакытка ачылып, ошол убакыт аралыгында пайызын гана төлөйсүз жана негизги сумманы аягында же качан сизде болгондо төлөп коесуз.

Ар бир банктын өз шарттары болот, мисалы, «Бакай Банкта» эмгек акыга ылайыкталган долбоордун катышуучусу болуу керек: сиз айлыгыңыздын 80% чейин ала аласыз, бирок эгер сизге андан көп керек болсо, анда кепилдик бере турган адам керек болот.

Оң жактары: эч кандай баштапкы төлөм жана күрөө жок.

Терс жактары: 1 жыл же андан көп убакыттан бери «Бакай Банктын» картасы менен айлык алгандар үчүн.

Насыяда сиз төлөп баштаган сумманын пайызы менен дароо толук эсептеп берет. Овердрафтта сиздин овердрафтыңыз жабык болгон учурдагы пайыздарды төлөбөйсүз.

Овердрафт маңызында - бул насыя, бирок овердрафтта айына пайызын гана төлөйсүз, ал эми негизги сумманы аягында. Ошол эле учурда насыя сыяктуу-пайыздар жана негизги сумманы дароо төлөсөңүз дагы болот. Овердрафтты кайсыл убакытта болсо дагы жапсаңыз болот жана ошол учурда дароо пайыздык эсеп токтойт.

Роза Асанбекова, «Бакай Банктын» насыялоо башкармалыгынын башчысы


Ислам каржы борбору аркылуу бөлүп төлөө үчүн сатып алуу

Кыргызстанда кызматтарын каржылоонун ислам принциптери менен көрсөткөн- «Бакай Банктын» алдындагы Ислам каржы борбору иштейт.

Ислам банктары сүткорлукка жана кандай түрдө болбосун пайыздарга тыюу салат. Ошондуктан банк Ислам каржы борбору аркылуу өзү смартфон сатып алат жана ар бирин өзүнчө, товардын баасына жана төлөмдүн мөөнөтүнө карап эсептеп чыгып сиздерге бир аз кошумчасы менен бөлүп төлөөгө сатат.

200 000 сомго чейинки керектөөчү максатындагы товарга ээ болсо болот.

Талант Керимбаев

Ислам каржы борборунун директору

Биз тобокелчиликтти кардар менен бирге бөлүшөбүз: мисалы, кайсыл товар болбосун өзүбүз сатып алабыз, башкача айтканда ээси болуп, өзүбүзгө кайра каттатып, кардарга бөлүп төлөөгө кайра сатабыз. Экинчи учур-тездик жана ылдамдык, эгер анча чоң эмес товар турмуш техникалары, телефондор болсо документтерди жарым сааттын ичинде каттайбыз. Андан сырткары, бизде кеңири өнөктөштөрдүн түйүнү бар: соода-сатык компаниялары жана жеке ишкерлер, 85-90дой өнөктөш. Биздин борбор Ислам каржы борбору деп аталганы менен диний ишенимине, кайсыл конфессияга тиешелүү экенине карабастан бардык кишилерге кызмат көрсөтөбүз. Ким экенине карабай бизден кызмат күтсө болот.


Жыйынтык

Бардык ири сатып алуулар эки сценарийге камтылган: топтоо же алып туруу. Өзүңүз үчүн кайсынысы пайдалуу - күтүү, бирок кошуп төлөбөө (ал эми депозит менен бир аз пайда көрсөңүз болот) же дароо алуу, бирок кошуп төлөө.