Ош шаарындагы Ломоносов мектеби 1926-жылы 275 орунга ылайыкташып курулган. Учурда окуучулардын саны 2130га жетет — бул бир класста дээрлик 55 бала билим алганынан кабар берет.
Ашыкча толгон класстар мектептеги жалгыз эле көйгөй эмес. Мектеп директору Гүлмира Осекованын айтымында, ӨКМ төрт жыл мурун имарат «кооптуу» болгонун аныктаган. Өкмөт маселени чечүү үчүн 2016-жылы августта тендер жарыялап, 500 орундуу имараттын курулушу башталган.
«Эгерде ушул имараттын курулушу бүтө турган болсо, эки нөөмөт менен окуп калабыз. Учурда окуучулар үч нөөмөт менен билим алууга аргасыз болушууда. Ошондо эски имаратты капиталдык оңдоого берем», — деп түшүндүрдү Осекова.
Жаңы имарат бир жылда пайдаланууга берилиши керек эле. Бирок курулуш иштери бюджеттен акча бөлүнбөй жаткандыктан 2 жарым жылдан бери токтоп турат. Курулушту ишке ашырып жаткан «Бек-Строй Плюс» ЖЧКсынын директору Улам Мамытов тендер боюнча имараттын курулушу 45 млн сомго макулдашылганын айткан. Бирок анын 15 млн сому бөлүнбөй жатканын билдирди.
«Имараттын 90 пайызы бүткөн да. Азыр полдорду сырдап, инвентарларды сатып алышыбыз керек. Мындан сырткары, брусчатка басып, жашылдандыруу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Баары акча жоктугуна байланыштуу кечигип жатат», — деп айтты Мамытов.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Аваз Асанов Ломоносов мектебинин жаңы имаратына акча 2020-жылы бөлүнөт деп убадалады.
«Биз билим берүү министрлигине эле эмес, президентке чейин кайрылдык. Быйылкы жылдын бюджетинде акча жок деп жатышат. Учурда акча табылбай турат, бөлүшсө эле курулуш улантылат», — деп билдирди Асанов.
«Авариялык» абалдагы ажаткана
Ломоносов мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталганда окуучуларга бир жылдык мөөнөткө жеңил конструкциядагы ажаткана куруп беришкен. Мектеп жетекчилигинин жана ата-энелердин айтымында, учурда ал «авариялык» абалга кептелген.
Азиза Далбаеванын үч небереси ушул мектепте билим алат. Анын айтымында, буга чейин ата-энелер жергиликтүү бийлик органдарына бир канча жолу кайрылышкан, бирок даараткана маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет.
«Миңдеген балдар окуйт, ошолордун коопсуздугун сакташ керек да. Ар кимдин тоюн өткөрө бербей, ушундай коопту жерлерди оңдоп-түзөп коюшса эл ыраазы болот эле. Башка мектепке которо албайбыз, себеби бул жакта союз маалынан бери күчтүү мугалимдер сабак беришет», — деген пикирде Далбаева.
Дагы башка ата-эне «Клоопко» курган маегинде баласына окуу жайдын ажатканасына кирүүгө тыюу салганын айтты. «Мектептин дааратканасына киргизбейм. Үйдөн киргизип алып барып, кайра үйгө алып келем», — деп кошумчалады ал.
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Калича Салсиева жетекчилик окуучулардан ажатканага мүмкүн болушунча кирбөөгө суранып келишээрин айтты. Ал эми башталгыч класстын окуучуларын мугалимдер коштоп барууга аргасыз болуп жатышыптыр.
«Эми биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзү келип, бир сыйра кыдырып, көрүп кеткен. Бүтүрөбүз, жардам беребиз деп кетишет… Бирок башка ажаткана куруп беришкен жок», — деп кейиди Салсиева.
Мектептин жаңы имаратында даараткана бар, бирок анын курулушу толук бүтмөйүнчө пайдаланууга берилбейт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы даараткананын долбоору даяр болгонун жана жакын арада курулуш иштери башталаарын убадалайт. Бирок балдар качан коопсуз ажатканага барышаары боюнча так убакытты айта алышкан жок.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан бардык суроолорду жергиликтүү билим берүү башкармалыгына берүүнү айтышты.
Ош облусунда окууга «жараксыз» 56 мектеп бар
Кыргызстан боюнча эки миңден ашуун мектеп бар. Анын 193ү «авариялык абалда» деп табылган, алардын 56сы же дээрлик 30 пайызы Ош облусунда орун алган. «Булан Институту» бейөкмөт уюмунун маалыматы боюнча, айрым авариялык мектептерде окутуу дагы деле улантылып жатат.
Институттун баяндамасына ылайык, 2017-жылы сөзсүз каржыланышы керек болгон имараттардын тизмесине 329 социалдык объект кирген. Анын ичиненде 192 мектеп бар, алар «узакка созулуучу» курулуштун катарын толуктайт.
Билим берүү министрлиги 2013-жылы UNICEF жана USAID эл аралык уюмдарынын финансылык жана техникалык колдоосу менен өлкөдөгү бардык мектептердин коопсуздугуна баалоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мектептердин 84 пайызы коопсуз эмес болуп чыккан. Ал эми алардын 80 пайызы СССР мезгилинде курулганы аныкталган. Бул көрсөткүч өлкөдө авариялык абалдагы билим берүү мекемелердин саны жыл сайын өсөт дегенден кабар берет.
Авторлоштору: Хамидулло Узаков, Зарина Маматжанова
Редактору: Элвира Султанмурат кызы
Видео: Хамидулло Узаков
Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.