Парламенттик шайлоо 2020-жылы октябрда өтөт — БШК

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоону 2020-жылдын октябрында өткөрүү пландалып атканын кабарлады.

Анын айтымында, азыр шайлоо мыйзамына кабыл алынган түзөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Учурдагы чакырылыштын депутаттары жумуштарын 2020-жылдын күз мезгилинде аякташы керек. Шайлоо алдындагы бейрасмий күрөш башталганына карабастан, азырынча шайлоого кайсы партиялар катышаары так белгисиз.

Шайлоого катышуу боюнча ниеттерин «Кыргызстан» жана «Ата-Журт» партиялары гана билдиришкен. Өлкөнүн КСДП жана «Республика» сыяктуу ири партиялары азырынча шайлоого катышуу пландарын ачыкташа элек.

Боршайкомдун башчысынын шайлоо өткөрүүнүн күнү тууралуу расмий билдирүүсү айрым депутаттардын парламенттин таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланышы ытымалдыгы жөнүндө кептеринин шартында айтылды.

Үстүбүздөгү жылы парламентарийлер шайлоо мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизишкен. Эми партиялар Жогорку Кеңеште орундарга ээ болуу үчүн добуштардын тогуз пайызын алышы керек. Буга чейинки шайлоодо партиялар жети пайыздуу тоскоолдуктан өтүүлөрү абзел эле.

Парламенттин экс-спикери Зайнидин Курмановдун айтымында, Кыргызстанда шайлоо босогосун жогорулатуунун максаты — «жаңылар үчүн парламентке кирүү мүмкүнчүлүгүн жабуу аракети».

«Жаш партиялар — бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана муундардын алмашышы. Бул бийликти протопартиялардын, олигархиялык топтордун колунда монополдоштуруу жана андан аркы саясий жана экономикалык стагнация. Бул эң башкы минус», — деп эсептейт Зайнидин Курманов.