Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жаңы имараты. Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 18-октябрда Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилгенин кабарлады. Маалыматка ылайык, үч кабатуу имараттын ачылыш аземине башкы прокурор Өткүрбек Жашмитов өзү катышкан.

«Прокуратура органдары жарандардын укуктарын коргогон, кылмыш жана коррупция менен күрөшкөн жана мыйзамдуулукту бекемдеген укук коргоо системасынын негизги институту болуп жатат», — деп Жамшитовдун куттуктоо сөздөрүн ведомствонун маалымат кызматы келтирет.

Материал жарык көрөөр алдында көзөмөл органдан курулуш иштерине канча каражат кеткенин тактоого мүмкүн болгон жок.