Ош эл аралык аэропорту. Ош — Кувейт багыты боюнча сарап алган учак. Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропорту

Ош эл аралык аэропортунда 28-октябрда Ош — Кувейт — Ош багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды. Аны Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлеп, Ош шаарынан Кувейтке 139 жүргүнчү сапар тартты.

Аэропорттун директору Талант Ысаков аталган каттам бир гана Кыргызстан менен Кувейт өлкөлөрүнүн жарандарынын суроо талаптарын аткарбастан, фергана өрөөнүнүн тургундары үчүн да транзит менен башка өлкөлөргө учууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, авиакаттамдар жумасына эки жолу аткарылат — дүйшөмбү жана шаршемби.