Канатбек Исаев: Бабановго каршы көрсөтмө берсем, эркиндикке эртерээк чыкмакмын

28-октябрда парламенттин депутаты Канатбек Исаев «Азаттыкка» курган маегинде, тергөө менен кызматташсам кармалгандан бир ай өткөндөн кийин эле «эркиндикке чыкмакмын» деп билдирди. Саясатчы камакта тогуз ай отурган.

Исаевдин айтымында, ал президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановго каршы көрсөтмө бериши керек эле.

«Ушундай эле сунуштар Өмүрбек Чиркешович [Текебаевге] жана Дүйшөнбек Чотоновго айтылган эле — тергөө менен кызматташуу үчүн эркиндикке чыгуу тууралуу [сунушу]. Мага дагы сунушташкан деп расмий айта алам. Бирок күнөөлү эмес адамды каралаш керек болгон эле», — деп билдирди Исаев.

Анын айтымында, «эгер ал өзүнүн кызыкчылыктары тууралуу эле ойлосо, тогуз ай отурмак эмес болчу».

Депутат 2017-жылдын 30-сентябрында кармалган. Аны 2017-жылдын 15-октябрында болуп өткөн президенттик шайлоого талапкер Өмүрбек Бабанов утулуп кала турган болсо, баш аламандык даярдоого айыпташкан. Бабанов президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Жыйынтыгында Жээнбеков өлкө башчысы болуп шайланган.

Исаев өзүнө даректелген айыптоолорду четке каккан. Ал эми Бабанов Исаевди мага көрсөткөн колдоосу үчүн кармашты деп билдирген.

2018-жылдын июль айында Бишкек шаардык соту Канатбек Исаевди үй камагына чыгаруу токтомун чыгарган.