Ош мэриясы зомбулукка кабылган аялдарды колдоого 300 миң сом бөлдү

Ош шаардык мэриясы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга бир млн сом бөлдү. Аталган каражаттын 300 миң сому «Ак жүрөк» кризистик борборуна берилди. Борбор зордук-зомбулуккка кабылган кыз-келиндерге психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп келет.

Калган каражат мигранттардын балдары менен иштешүүгө, кароосуз калган тургундарды социалдаштырууга жана майып балдарга медициналык жардам көрсөтүүгө бөлүнгөн.

«[Сынак аркылуу тандалып алынган төрт бейөкмөт уюмга] акча каражаттары сентябрь айында которулган. Биз алардан кандай иштер жасалып жатканы тууралуу ар тараптуу маалыматтарды алып, мониторинг жүргүзүп турабыз», — деди мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Максатбек Орозалиев.

Мындан тышкары, 200 миң сом оор абалда жашаган пенсионерлерге чач тарач жана мончо кызматтарын бир айда бир жолу акысыз пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашырууга жумшалат. Мэриядан аталган кызмат ноябрдан тарта жеткиликтүү болоорун билдиришти.

«Долбоор социалдык колдоого муктаж улгайган жарандардын акысыз кызмат алуусун камсыздайт. Кызмат көрсөтүү социалдык талондор аркылуу ишке ашырылат. Бул боюнча шаардагы жеке ишкерлер менен келишим түздүк», — деп кошумчалады Орозалиев.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, аталган долбоор Мамлекеттик социалдык буйрутма программасынын негизинде ишке ашырылып жатат.