Ош шаарындагы Акскар Шакиров көчөсү. Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаардык мэриясы 2019-жылы 523 даракты жол кеңейтүү үчүн кыйды. Бирок анын ордуна 600 жаңы көчөт отургузууну убадалайт. Бирок экологдор бул шаардын айлана-чөйрөсүнө келтирилген зыяндын ордун толуктай албайт деп эсептешет. Дарактарды кыюу жол кеңейтүүгө жардам бере алабы жана ал шаардыктардын ден соолугуна канчалык таасир этет. Түшүндүрөбүз.

Шакиров көчөсүнүн мурунку жана азыркы көрүнүшү

Эмнеге олтургузулган көчөт кыйылган дарактын ордун толуктабайт?

«Ал [Шакиров көчөсү] тарып, арыктар да жок болуп кеткен эле. Дарактарды кыйбай туруп кеңейткенге болмок эмес. Дарактар турган жерден коммуналдык зымдар өтүп калат. Ошондуктан кыйылган. Эскирген дарактар болчу. Биз ушул ай ичи кыйылган дарактардын ордуна кайра андан көбүрөөк дарак олтургузабыз», — деп түшүндүрдү Ош шаардык мэриясынын өкүлү Алтынбек Пирматов.

Дарактардын көпчүлүгү Аскар Шакиров көчөсүн кеңейтүүгө жана Уркуя Салиева көчөсүн тез жардам кызматы үчүн ачуу үчүн кыйылды. Мэриянын бактарды кыюу боюнча сунушун шаардык кеңеш бир добуштан колдоп, токтом чыгарып берген.

Быйыл кыйылган дарактардын саны 523кө жетип Ошто акыркы 10 жылда кыйылгандардан эң көбү болуп калды. Шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын маалыматы боюнча 2010-жылдан бери шаарда жыл сайын орточо 93 дарак кыйылып келген. Алардын көпчүлүгү куурап калгандан, электр мамычалары менен жол белгилерине тоскоолдук жараткандан гана жок кылынчу.

Жашылдандыруу комбинаты кыйылгандардын ордуна 4 эсе көп көчөт олтургузаарын билдирди — 2 620. Бирок бул шаардагы экологияга келтирген зыянды толуктай алабы? Чоң тажылуу дарактарды кыйып, анын ордуна жаңы көчөттөр отургузулганы менен анын бештен төртөө гана тутуп кетет.

Ал эми «Арча» коомдук фондунун изилдөөсүнө ылайык, бир кыйылган дарак үчүн 230 көчөт отургузуу керек.

«Биринчи кезекте бул [дарактар] микроклиматты ысыктан коргойт. Бизге дарактардын саны эмес, анын таажысы, көп жылдыктуулугу, көлөмү маанилүү», — деп түшүндүрөт эколог Дмитрий Ветошкин.

Жашылдандыруу комбинатынын маалыматы боюнча учурда аларда дарактарды олтургузуу боюнча эч кандай норма жок жана дарактарды олтургузуу саны жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка жараша болот.

Кыргызстандын мыйзамдарында кыйылган жашыл аянттардын ордуна көчөттөрдү олтургузуу керек деп эле жазылган. Ал жакта кыйылгандын ордуна канча дарак отургузулушу жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталаары көрсөтүлгөн.

Дарактарды кыюу эмнеге жол тыгындарын азайта албайт?

Шакиров көчөсүндөгү дарактардын кыюунун негизги себеби унаа тыгындарынын алдын алуу болгон. Шаардын өзүндө эле 70 миңден ашык автоунаа бар. Бул ар бир төртүнчү шаар тургунунда бирден унаа бар деген сөз. Ош шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын маалымат катчысы Рашид Сыдыковдун айтымында күн сайын шаарда 120 миң машина жүрөт. Ош шаарынын жашоочусуна экиден унаа туура келип калат.

«Тыгынды азайтуунун бир жолу гана бар. Жеке автоуналардын санын азайтуу жана альтернативдүү транспорт катары велосипед, коомдук транспортторду көбөйтүү керек», — деп түшүндүрөт Атай Самыйбек уулу.

Анын айтымында тыгындардан арылуу үчүн коомдук транспорт жүрө турган жолдорду кеңейтүү керек.

«Биздин өлкөбүздө долборлоо жана аналитикалык иштер аксагандыгынан улам эффективдүү болгон чечимдерге көзүбүздү жумуп коёбуз», — дейт Самыйбек уулу.

Дарактарды кыюу эмнеге балдардын саламаттыгына көп таасирин тийгизет?

Транспорт каражаттарынан негизгинен көмүр кычкылтеги, азоттун диоксиди сыяктуу зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. 2018-жылдын декабрь айында Ош шаарындагы абаны булгаган азот нормадан 25 эсеге, көмүр кычкылтеги эки эсеге көп болгон.

Абадагы зыяндуу заттар — адамдардын дем алуу органдарын жабыркаткан негизги факторлордун бири. Акыркы он жылда Ош шаарында дем алуу органдарынын дартына кабылган балдардын саны төрт эсеге көбөйгөн. Башкача айтканда, ар бир үчүнчү бала бул дартка кабылган. А ошол эле балдар арасында шишик ооруларынын көрсөткүчү 3 эсеге өскөн. Дарактар болсо унаадан чыккан түтүнүн зыяндуулугун азайтууга жардам бермек.

Дарактарды кыюу эмнеге шарт түзбөй ыңгайсыздык жаратат?

Абаныны булганышы менен дем алуу органдарыныны дартынын өсүшү бул бир гана көйгөй эмес. Дарактарды кыюу микроклиматка да таасирин тийгизет.

Ош шаарында акыркы он жылдагы июль айында абанын температурасы 3 градуска көтөрүлгөн. Күндүн ысышы бул дүйнөлүк кургакчылыктан да болушу мүмкүн. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй дарактар абаны 2 градустан 8 градуска чейин салкындатат.

Мисалы 2019-жылдын июль айында Ошто абанын орточо температурасы 35 градусту түзгөн. Жогорку температуа бул кан айлануу жана башка ооруларга алып келиши мүмкүн.

Шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын маалыматына таянсак, түштүк калаада бир жашоочуга 7 чарчы метр жашыл аянт туура келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган норма боюнча бир адамга 50 чарчы метр жашыл аянт болуш керек.

Ушул жылдын 5-июнунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экологдорду кесиптик күнү менен куттуктап жатып, жаратылышты, айлана-чөйрөнү коргоо иштерин күчтөндүрүш керек деп белгилеген. Бирок жергиликтүү бийлик, унаа тыгындарын чечүү үчүн жол кеңейтип, даарктарды кыюуну улантууда.

Авторлору: Саадат Төлөгөнөва, Айдай Беделбекова
Редактору: Анастасия Валеева

Бул материал USAIDдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.