Сапар Исаковду сотко күчтөп алып келишти, бирок ал отурумга катышкан жок

Материал 16:01де жаңыртылды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев «Клоопко» курган маегинде судья Исаковду сот залына мажбурлап алып келүү токтомун чыгарганын билдирди. Бирок ал коштомо күзөт бөлмөсүнөн чыгуудан баш тарткан. Исаков — Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча айыпталуучу.

Жоошевдин айтымында, Исаков сотко 28-октябрда барууга аргасыз болгон, анткени ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан күч колдонулушуна кооптонгон.

«Эгер ал УКМКнын талаптарына баш ийбей турган болсо, күч колдонулат деген коркунуч бар болчу, ошондуктан ал сотко барды», — деп билдирди адвокат.

Жоошев билдиргендей, Жазык-процесстик кодекске ылайык, сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду УКМКнын кызматкерлери эмес, соттук приставдар гана аткарышы керек.

«ТИЗО камералары соттук приставдар үчүн жеткиликтүү эмес, тагыраагы Исаковду эч ким күчтөп алып барбашы керек эле. Бул мыйзамга туура келбейт», — деп айтты Жоошев.

Сот Исаковсуз уланып жатып, судья Сапар Исаковдун катышуусу жок күбөлөрдү суракка алуунун жаңы тартибин бекитти.

Исаков 24-октябрда сотко келүүдөн жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткан, анткени ЖЭБдин модернизациясынын наркы ашырылган деген корутунду берген эки эксперт суракка алына элек болчу. Коргоо тарабы бул күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн маанилүү деп эсептейт.

ЖЭБди жаңыртуу боюнча сот

Прокурорлор Свердлов райондук сотунун 10-апрелдеги отурумунда Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча айыпталып жаткандарга даректелген айыптарды угузушкан.

Соттолуучулардын катарында экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев жана башкалар бар.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков 2010-жылы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинде (ӨИИБА) иштеп жатканда, Бишкек ЖЭБин жаңыртуу үчүн инвестор тандоого катышкан. Анда жылуулук борборду жаңыртуу боюнча эки сунуш каралып жаткан эле — 150 млн долларды түзгөн Дүйнөлүк банктын сунушу жана Кытайдын ТВЕА компаниясынан 200 млн долларга бааланган сунушу. Борбордук агенттиги жоюлуп кеткенден кийин модернизация долбоору боюнча сүйлөшүүлөр тоңдурулуп калган болчу.

Тергөө Исаков 2013-жылы президенттик администрацияга жумушка өтүп, «өзүнүн шериктештери менен кошо» Кыргызстан үчүн ТВЕА компаниясы менен 386 млн долларга пайдасыз келишим түзгөн деп эсептейт.

Исаков күнөөнү мойнуна албай келет.