Депутаттар шайлоо босогосун 5 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунушташты

Парламенттин беш депутаты шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Парламентарийлер учурдагы 9 пайыздык шайлоо босогосу «парламентте түрдүү саясий күчтөрдүн пропорциялуу өкүлүчүлүктөрүн чектөөгө алып келет» деп эсептешет.

«Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, жасалма түрдө жогорулатылган босого шайлоочулардын парламентке келе албаган 40-50 пайызын элеп салат», — деп айтылат маалым кат негиздемеде.

Мыйзам долбоордун авторлору мисал катары 2015-жылдагы шайлоонун жыйынтыктарын келтиришкен. Анда парламентке «Ата Мекен» жана «Бир Бол» партиялары өтүшкөн эле, бирок эгер шайлоо босогосу 9% деңгээлде болсо, мындай болмок эмес.

«Ошентип, шайлоо босогосу канчалык жогору болсо, түрдүү саясий партиялардын бир тобу “көчөдө” калат да. Алар өлкөдө саясий кырдаалды туруктуу жолунан тайдыруу коркунучун жаратып, элди митингдерге алып чыгууга жөндөмдүү түпкүлүктүү күчтөр болуп кала беришмек», — деп эсептешет депутаттар.

Ошондой эле, документте шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон төмөндөтүү сунушталат.

«Ошентип, саясий партиялардан талап кылынган шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүнүн өтө чоӊ болушу алардын финансылык-экономикалык абалынан улам, көптөгөн партиялардын шайлоолорго катышуусуна тоскоол болот», — деп жазышкан түзөтүүлөрдүн авторлору.

Парламентке өтүү босогосу 2020-жылы күзүндө өтө турчу шайлоонун шартында талкуулана баштаган.

Мурдараак депутат Исхак Масалиев 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, 9 пайыздык барьердин айынан Жогорку Кеңешке эки чоң партия гана өтө алат.

«Бирок, бизде жакшы партиялар көп эмес, маселе ушунда. Биз партиялык курулуштун башында турабыз, ошондуктан азырынча кызыкчылыктар топтору үстөмдүк кылууда. Алар идеологиялык белги боюнча эмес, аймактык белги боюнча түзүлүшөт», — деп айтты депутат.

Анткени менен анын парламенттеги кесиптеши жана вице-спикер Аида Касымалиева 9 пайыздык барьерди «жаман эмес» деп атаган.

«Жыйынтыгында, жогорку барьер саясий уюмдурды биригүүгө жана консолидацияга түртү болот, добуштарды бөлүштүн кереги жок болот», — деп эсептейт Касымалиева.

Кыргызстанда 2010-жылкы шайлоо учурунда шайлоо босогосу 5 пайызды түзгөн эле, бирок ал 2015-жылдагы шайлоонун алдында 7 пайызга чейин жогорулатылган. 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңешке өткүсү келген партиялар участокторго келген шайлоочулардын добушатырынын 9 пайыздан кем эмесин алышы керек.