ИИМдин башчысы кайгуул милициянын жетекчилигин сынга алды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 28-октябрда чогулуш өткөрүп, анда укук коргоо органдарынын 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары талкууланды.

Жунушалиев жол кырсыктардын саны өсүп кеткени үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) ишин сынга алды. 2018-жылга салыштырмалуу жол кырсыктардын саны быйыл 12 пайызга көбөйгөн.

Ведомствонун башчысы Азамат Исраиловго кызматтык дал келбестик тууралуу эскертип, ага «кыска мөөнөттүн ичинде» кырдаалды оңдоону тапшырды.

«Канчалаган жарандарыбыз жол кырсыгынан каза болуп, канчасы жаракат алууда. Бул багытта кескин чараларды көрүү керектигин эскертем», — деп айтты ИИМдин башчысы.

Мындан тышкары ал министрликтин негизги ишмердүүлүгү «калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой эле соттук-укуктук реформаны ишке ашырууга» багытталат деп билдирди. «Милиция элге жакын болуп, элге кызмат кылышы керек», — деп айтты Жунушалиев.

ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов мурдараак «жол кырсыктарынын санынын өсүшү кошумча кырсыктарды эсептөөгө байланыштуу» деп билдирген.

«Учурда жол кырсыктарынын баары (кырсыктаган кишилердин бир жери кичине чийилип кетсе же кичине урунуп калса дагы) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталууда. Буга чейин материалдык чыгымдарга кирептер болгон кырсыктар эсеп журналына гана катталып, мындай каттоодон өтчү эмес», — деп түшүндүргөн ал.

Бирок, мурдараак ЖКККББ жол кырсыктардын саныны азайышы тууралуу кабарлаган эле — анда муну эреже бузууларды аныктаган «Коопсуз шаар» долбоордун ишке кириши менен байланыштырышкан.

Ошондо Бишкек шаарында камералар орнотулган жерлерде жолдогу унаа кырсыктары 52 пайызга, ал эми Чүй облусунда 70 пайызга чейин азайган деп айтылган эле.

«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылдын 4-мартынан тарта иштей баштаган. Биринчи баскычтын аякташына карата адамдын жүзүн таануучу функциясы бар 800 видео байкоочу камера орнотулган.