Ататүрк атындагы сейил бактын кире бериш жери. «Клооп» үчүн Данил Ляпичевдин сүрөтү

Жакында эле «Клооптун» журналисттери Ататүрк паркындагы жер участокторун Бишкектин бийлиги узак жылдар бою кантип таратып бергени тууралуу иликтөө жарыялаган. Парктын жерлерин судьялар, прокурорлор, бизнесмендер жана аткаминерлер алышкан. Коомдук жерлерди таратуудан улам сейил бакта дарактардын ордуна хан сарайлар пайда болгон.

«Клооп» паркта бүгүнкү күнгө чейин жерлерге ээлик кылган же дагы да ээлик кылып жаткан парламенттин учурдагы беш депутаты тууралуу айтып берет. Алардын бардыгы сейил бактан жерди 2006-жылы ноябрда алышкан.

Алиярбек Абжалиев аянты 700 чарчы метрди түзгөн жер участогун алган. Ал алган жеринде эч нерсе курбай 2011-жылы сатып жиберген.

«Жерди парламенттин үчүнчү чакырылышынын депутаттары алышкан. Аны жер тилкелери жокторго беришкен. Аны мамлекет, мэрия бөлүп берген. Биз көп күткөнбүз, эки жыл», — деп билдирген ал «Клоопко».

Сайдулла Нышанов эмдигиче 540 чарчы метр участогуна ээлик кылат. Ал парктын участогун парламентке биринчи жолу депутат болуп барган кезинде алган. Нышанов жер алганы боюнча «Клоопко» комментарий берген жок, бирок Kaktus.Media басылмасына курган маегинде, «ар бир жаран өмүрүндө бир жолу бекер жер алганга укуктуу» деп айткан.

«Бир эле мен эмес, ондогон депутаттар жер алышкан. Бүгүнкү күндө алардын фамилиялары жок окшойт. Алар участокторун кайра катташкан же сатып салышкан. Мен [жерди] атайын калтыргам. Мени 13 жылдан бери сындап жатышат, сындай беришсин. Журналисттер ар сайын буйрутма алып, сындашат. Түшүнөм, силер дагы эптеп акча таап жатасыңар», — деп кошумчалаган ал.

Зиядин Жамалдинов да 2006-жылы ноябрда 700 чарчы метр жер тилкесин алган. Жамалдинов жеринде эч нерсе курбай 2011-жылы сатып салган. Андан кийин бул жер эки жолу сатылып, участокто эч нерсе курулган эмес. Жамалдинов өзү бул боюнча «Клооптун» журналисттерине эч бир комментарий берген жок.

Сейил бактын аймагынан депутат Искандер Гайпкулов да 700 чарчы метр жерге ээ болгон. Ал 2011-жылы тилкени депутат кесиптеши Равшан Жээнбековго сатып жиберген. Бирок жер дагы деле ээн турат.

«Бул маселе [парктан жер бөлүү жөнүндө] өкмөттүк деңгээлде каралган, мунун бардыгы каралган. Бул жерлер боюнча эч кандай суроолор жок [...] Бардыгынын эле [жер участоктору] болгон», — деп билдирген Гайпкулов «Клооптун» журналистине автоунаасына отуруп жатып.

Парламентарий Азизбек Турсунбаев 700 чарчы метрлик участокту 2006-жылы алган. Турсунбеков Жогорку Кеңештеги кесиптештери сыяктуу эле участогун 2011-жылы сатып салган. Ал «Клооптун» журналисттеринин комментарий берүү өтүнүчүн жоопсуз калтырды.