Кубатбек Боронов. Сүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы


«Өкмөт бул маселе боюнча так жооп берди. Кудай буюрса карызды төлөйбүз», — деп келтирди вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун сөздөрүн «Азаттык» басылмасы.


Боронов билдиргендей, Кыргызстан тышкы карыздарынан кутулуш үчүн башка өлкөлөргө өз жерлерин бербейт. Бул жоопко парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева канааттанбай, өкмөттө «карызды төлөө маселеси боюнча план жана так элес жок» деп билдирди.

Кыргызстанга акча көп берген ири өлкөлөрдун ичине Кытай кирет — насыялардын жалпы өлчөмү 1,7 млрд доллардан ашуун сумманы түзөт, бул өз учурунда бардык тышкы карыздын дээрлик жарымына барабар.

Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму мынчалык ири карыз Кыргызстанды Кытайдын алдында «финансылык алсыздык» абалына кептейт деп эсептейт.

Кытай бийлиги өз кезегинде Кыргызстан өлкөгө болгон карызын төлөп бүтүрүшү керектигин билдирген — бул тууралуу 2018-жылдын мартында Кытайдын элчиси Сяо Цинхуа айткан. Эгер Кыргызстан алган насыясын убагында төлөй албаса, Кытай эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.