УКМК: Кара-Көлдө пара алуу учурунда милиционер жана судья кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен Кара-Көл ИИБнин башчысынын орун басары пара алып жаткан жерлеринен кармалышканын маалымдады.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, 1-октябрь күнү бир жаран аталган ведомстволордун кызматкерлери 100 миң сом пара опузалап жатышканы тууралуу арыз менен УКМКга кайрылган. Милиционер менен судья бул акчаны арызданган адамка каршы козголгон «кылмыш ишинде оң өкүм чыгарып берүү» үчүн сурашкан.

Арыз жазган адамдын айтканына караганда, ТИЗОго камалып калбаш үчүн 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аргасыз болгон.

Натыйжада судья жана милиционер 30-октябрда 20 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жерлеринен кармалышкан.

Тергөө Кара-Көл ИИБнин кызматкери айыпталуучу менен Кара-Көл шаарынын судьясынын ортосунда ортомчулук кылганын аныктаган.

«Кара-көл шаардык ИИБнин кызматкери Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен сүйлөшүп алып, ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн», — деп белгилейт УКМК.

Факт «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча КЖБРге катталды. Учурда тергөө УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан улантылып жатат.