Сүрөт: Кыргызстандын президентинин аппараты

Кыргыз милициясы 95 жылдыгын 1-ноябрда филармонияда майрамдап жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматкерлерди ардак грамоталар, энчилүү кол сааттар жана «Даңк» медалдары менен сыйлады.

Кызматтык милдетин үлгүлүү аткарып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук тартипти камсыздоого олуттуу салым кошкону үчүн ар облустардын 20дан ашуун милиционери сыйланды.