Бийлик 300 дары-дармектин баасын жөнгө сала баштайт — алар арзандашы мүмкүн

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бийлик 2020-жылдын 1-январынан тарта «жашоо үчүн маанилүү» болгон 300 препараттын баасын жөнгө сала баштай турган токтомго койду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бааларды жөнгө салуу «жарандардын чыгымдарынын азайышына» жана «өлкө боюнча бирдей баанын орношуна» таасир этет. Ошондой эле бул медициналык мекемелерге дары-дармектерди сатып алууда кыйла үнөмдөөгө жардам берет.

Дары-дармек саясаты боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин консультанты Жылдыз Жумагулова «Клоопко» маалымдагандай, баалар 58 дары-дармек курамына орнотулат. Кыргызстанда алар 300 аталыш менен сатылат.

Бул дарылар «жашоо үчүн маанилүү» деп эсептелинип, Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарга алардын бааларын медициналык камсыздандыруу боюнча ордун толтуруп берет. Бирок бейтаптар бул сумма менен дары-дармектердин сатылып алынышын жаба алышпайт, анткени дарыканалардагы баалар жогорулатылган.

«Бул жүрөк кан тамыр ооруларын, бронхиалдык астманы, психологиялык ооруларды дарылоого колдонулган дары-дармектер, анын ичинде паллитивдик жардам үчүн колдонулган — наркотикалык анальгетиктер да бар», — деп билдирди Жумагулова.

Эми дарыканалардын ээлери дарыларды каттап, аларды өндүрүүчү фирмадан кандай баада сатып алганын көрсөтүшү керек болот.

Мындан тышкары, дарыканалар фирма дарыларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана фармацевтикалык базары Кыргызстандыкы менен салыштырмалуу болгон мамлекеттерге — Армения, Беларус жана Молдовага кандай баада сатканын көрсөтүшү керек болот.

Бул маалыматтарга ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги орто бааны эсептеп, логистика үчүн наркына 10% кошуп турат.

«Дүйнө жүзү боюнча 10% пайызга чейин дары-дармектерди жеткирүүгө сарпталат. Андан кийин дүң баа болот — мисал 20% жана чекене 25%», — деп билдирди Жумагулова.

Ал кошумчалагандай, саламаттык сактоо министрлиги баалардын электрондук каталогун түзөт жана жарандар алардан дарыларга сунушталган бааны көрө алышат. «Акыркы баа көрсөтүлөт жана дарыканалар дарыларды мындан жогорку баада сата алышпайт», — деди ал.