Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында. Сүрөт: Гульжан Турдубаева / RFE / RL


Кечээ күнү Алмазбек Атамбаев менен тергөө изоляторунда жолугушуп келдик. Эгер кыскача айтсам, классиканы көп окууну улантып жатат, спортзалга барууда, акыры 63 жашта да эркек киши формада болушу керектиги жөнүндө ойлоно баштаптыр — кыр арка сөөгү күчтүү болушу керек, себеби ал бир эле сөөктөр менен денени кармап турбастан, сабырдуулук мүнөзүнүн импульсун да берип турат! Ооба, аягында ал Жээнбековдорду кечирүүгө даярмын деген оюн айтты.


Парламенттин депутаты жана мурдагы президенттин тарапкери Ирина Карамушкина тергөө изоляторуна (ТИЗО) барып, Атамбаевге жолугуп чыкканы жөнүндө айтып берди. Карамушкина менен кошо мурдагы президент менен жолугушууга анын башка тарапкери Асел Кодуранова дагы барган.

Атамбаев 8-августтан тарта камакта. Ал күч кызматкерлери мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүндө жүргүзгөн атайын операциясынан кийин кармалган. Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир аскери каза таап, 100дөн ашуун адам жарадар болгон.

Мурдагы президент УКМКнын ТИЗОсунда кармалууда. Ага бир нече айып тагылган, анын ичинде коррупцияга байланыштуу да иш бар. Атамбаев өзү сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Аны кармоо учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон араздашуунун жыйынтыгы болуп калган — саясатчылар 2018-жылы жазында урушуп кетишкен.