Кытайдын алтын казып чыгаруучу Zhong Ji Mining компаниясынын аймагын кайтарган милиционерлер. 2019-жыл, сентябрь. Сүрөт: Светлана Зеленская

«Бизге бул кытайлардын кереги жок, биз өмүр бою мал чарба менен жашап келгенбиз, андан ары да жашайбыз, алар болсо келип, биздин жерди казып, биздин алтынды өндүрүп, экологияны бузуп жатышат, мал кыйрап, балдар ооруп жатат!» — деп ачууланып кыйкырды атчан киши. Тоонун этегине топтолгон эл бул сөздөрдү жактырып, ышкырык-кыйкырык менен колдошту. Айлана-тегеректе чаң көтөрүлүп турат, баш аламан токтотулган машиналардын арасынан калпак кийген атчан кишилер чуркап өтүп жатышат. Алардын артында, тоодон ылдыйды карай терезелери сынык бульдозер кетип баратат, анын терезесинен жаш жигит баш багып, баарын смартфондун камерасына тарта баштады. «Кытайларды ушинтип кууп жатабыз», — деп толкундануу менен сөзүн бүтүрдү. Бульдозердин аркы терезесинен Кыргызстандын желеги чыгып турат.

Тоонун чокусунда саргыч боз түстөгү иш комбинезонун кийген адамдар тобу тузактан чыгууга аракет кылып жатышат — бир жагында ак мөңгүлүү тоолор, бир жагында кыжыры кайнаган үйүлгөн топ турат. Эки тарап тең топтошкон бийдегидей эле астыга-артка тынымсыз жылып, бири-бирин кууп жатышат. Эки жакка тең, эки жактан тең таштар учуп жатат. Саргыч боз түстөгү комбинезончондордун айланасында калпактар жана Кыргызстандын желектери бар — алар туруштукка туталанып, бул аймакты согушуу менен бошотуп алууга даяр. Кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн милиционерлер жетишсиз.

«Баары тынч бүтмөк, бирок кытайлар бизге таш ыргыта башташты, анан буга жооп алышты. Алар биринчи кол салышты», — бетиндеги канап жаткан сыйрык жерин байкабастан кагылыштын бир катышуучусу кыжырдана сүйлөдү.

Кытайлыктар — Нарындагы Солтон-Сары кенинде иштеген алтын өндүрүүчү инвестор, Zhong ji Mining компаниясынын кызматкерлери. Компания бул кенди иштетүү укугун 2009-жылы эле алып койгон, ал эми инфраструктурасын болсо үстүбүздөгү жылы эле кура баштаган. Бирок бул убакыт аралыгында компания коңшу «Кыргызалтын» ишканасы жыйырма жыл иштеп турган убакытта куруп жетишкенине салыштырмалуу бир кыйла көп өбъекттерди курууга үлгүргөн.

Жергиликтүүлөргө бул жакпайт — алардын айтымында, кытайлыктар экологияны бузуп жатышат, анткени алар тез жана көп курушат. «Бир жыл иштеген убакта алар бул жерде бардыгын казып салышмак, а биз анан малды кай жерде кайтармак элек?» — дешет Солтон-Сарыда малын жайып жүргөн жергиликтүү чабандар. Бул жер бир гана кен эмес, жайлоо дагы. Ал жерде жакынкы сегиз айылдын тургундары малдарын жайышат. Мындан тышкары, жергиликтүүлөр кытай ишкерлери жерди жана сууну булгашууда, ошондуктан мал-жандыктар кырылып жатат деп эсептешет.

«Бизге бул кытайлардан эч кандай пайда жок, биз мал жайып, дайыма өз алдынча эле жашап келгенбиз, анткени эч ким бекер эч нерсе бербейт да. Анан кытайлар келип, биздин жерлерди казып, алтын чыгарып, аны булгап жатат. А бизге эмне? Эгер ал жакта бүгүн кир суудан мал кырылып, балдар ооруп баштаса, балдарыбызга эмне калат? Алардын келечеги эмне болот?» — деп суроо салат колуна кичинекей небересин көтөргөн, кен чыккан жерге жакын жайгашкан айылдардын бирөөсүнүн тургуну.

Нарындыктар өздөрүн нукура кыргыз деп эсептешет. Алардын айтымында, бул жерде өлкөнүн башка аймактарындагыдай орус, өзбек же казакча менен аралаштырбастан, таза кыргызча сүйлөшөт. Алар кыргыздардын илгерки жашоо образын сактайбыз деп эсептешет — мал чарбачылык менен жан багышат, жайында деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте боз үйлөрдө жашашат да, кышында айылга келип кышташат. Жыл сайын ушундай. Жергиликтүүлөр ушинтип эле айтышат — биз малчыбыз, бизге башка эч нерсе кереги жок деп.

«Эгер алар биздин жерлерди бошотпосо, эл муну өзү кылат»

Нарында, тагыраагы Солтон-Сарыда алтынды 1994-жылы эле каза башташкан. Ошол убакта «Кыргызалтын» Алтын-Төр тилкесин иштете баштаган — бул эгемендүү Кыргызстандын өз акчасына курулган алгачкы тоо кен ишканасы болгон. Zhоng Ji коңшу жайгашкан Солтон-Сары участогун иштетүүгө лицензия алган экинчи компания болгон.

ергиликтүүлөр 2011-жылы эле буга каршы чыга башташкан. Анда компания жаңыдан чалгын иштерин баштап жаткан, бирок бийлик ошол учурда бир нече тегерек стол жана талкуу өткөрүп, бул чырды жайгарып койгон. Кийинки чыр 2018-жылы болгон — жергиликтүүлөр компания экологияны булгап жатат деп билдиришкен. Андан соң бул окуя 2019-жылы кайталанып, айылдыктар компанияны суунун булганышы менен малдын кырылышына айыптап чыгышкан. Бийлик текшерүү жүргүзүп, күнөө жергиликтүүлөрдүн өздөрүндө, өз убагында малды эмдеттирбей коюшкан деп билдирген. Компания кайрымдуулук ирээтинде малынан айрылып калган чабандарга акча төлөп берип, иш жабылып калган. Бардыгы өз ордуна келип, кайра жакшы болуп калган өңдөнгөн.

Бирок 2019-жылдын 3-августунда кытайлык компаниянын базасында жергиликтүү эки жигит менен компаниянын ондогон кызматкерлеринин ортосунда уруш чыгып кеткен. Айыл тургундарынын айтымында, алар жөн гана суу сурагылары келишкен, кытайлар болсо аларды катуу сабап салышкан. Бирок, кытайлык компания болсо жигиттер мас абалда болгонун, кызматкерлери жөн гана коргонушканын айткан. Кен чыккан жердин кире беришиндеги үйдө эмне болгонун биз билбейбиз, бирок мындай фактылар бар: жигиттер ооруканага жатып калышкан, ал эми эртеси күнү кен чыга турчу жерге ишкананын жабылышын талап кылган 500дөн 1000ге чейинки эркек-кишилер барышкан.

Жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулардын ортосундагы уруштардын алдын алуу үчүн кенге Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов да келген, бирок анын келтирген жүйөлөрүнүн бардыгы кытайлар Солтон-Сарыдан кетиши керек деген ультиматумга такалып жатты. Кайыпов айылдыктарга маселени чечүүнү убадалап, кайра Нарынга жөнөп кеткен. Нааразылык билдирип чыккандар ага кечкиге чейин убакыт беришкен.

— Эгер алар биздин жерлерди бошотушпаса, эл муну өзү кылат. Качып кеткендер коркоктор, — деп чогулган элдин арасында турган киши кыйкырды да, баарын ишкананын жабылышы үчүн аягына чейин турууга чакырды.

Кеч кирип калган маалда бийликтен да, Кытай компаниясынан да эч кандай реакция болгон эмес. Так ошондо биринчи таш учкан.

Кытайдын Кыргызстандагы кызыкчылыгы — пайдалуу кендер

«Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат», – деп белдирген Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде.

Кагылыштын эртеси күнү Солтон-Сарыга келген анын орун басары жана вице-премьер-министр да жергиликтүүлөрдүн чечимине таасир эте албай койду. Ал учурда жергиликтүүлөр Zhong Ji компаниясына 83 талаптан турган тизме түзүп коюшкан болчу жана аткаминерге эгер алар талаптарды аткарышпаса Бишкек-Торугарт стратегиялык жолун торойбуз деп шарт коюшкан. Бирок бийлик жергиликтүүлөргө эч кандай убада бере алган жок. Себеби — Кытай Кыргызстандын башкы стратегиялык өнөктөштөрүнүн жана инвесторлорунун бири, бул мамилелерден жөндөн-жөн эле баш тартып коюу мүмкүн эмес.

Бирок Кытайда Кыргызстанга болгон түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Кытай менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин мамилелерине адистешкен Австралиядагы China Matters уюмунун программдык директору Дирк ван дер Клейдин айтымында, Кытай аймактардагы өлкөлөрдү эки топко бөлөт. Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан Кытайга ресурстарды жеткирүүчү жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча өнөктөш катары кызык.

Мисалы, Түркмөнстан — Кытайдагы газдын башкы жеткирип берүүчүсү — күйүүчү майдын 70% Кытайга тек гана ошол жерден, Өзбекстан жана Казакстандагы газ түтүктөрү аркылуу келет. Казакстан Belt and Road демилгесинде Кытайдын маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Бул Кытайдын продукцияларын Европа өлкөлөрүнө оңой жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн масштабдуу инфраструктуралык долбоор. Бул «алкактагы» жолдор Казакстан аркылуу өтөт.

Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдын акыркы ири демилгелеринде башкы катышуучулар эмес, бирок бул аларга Кытай менен өз ара тыгыз кызматташууга тоскоол болбойт. Акыркы бир жылда кыргыз экономикасына болгон Кытайдын түздөн-түз инвестициялары 338 млн долларды түзгөн — бул сумма өлкөнүн бардык түздөн-түз инвестицияларынын дээрлик 40 пайызын түзөт. Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык мамилерге байланыштуу адистешкен изилдөөчү Данияр Молдокановдун айтымында, кытайлык инвесторлорду Кыргызстанда баарынан да пайдалуу кендер кызыктырат, мисалы, алтын.

Кытай инвестициялары — бул саясий көз карандылыкпы?

Кытай иштетип жаткан Солтон-Сарынын бир бөлүгү — Бучук участогундагы алтындын кору 12 тоннаны түзөт. Zhong Ji Mining жыл сайын эки тоннадан казып алууга камынып жаткан. Бирок, кытайлык кызматкерлер алтын кенин иштетип баштоого үлгүрбөй калган, буга нааразылыктар тоскоол болуп калды.

Солтон-Сарыдагы жаңжалдан кийин өкмөт кытай компаниясынын ишин убактылуу токтоткон. Бирок арадан эки ай өтсө да бийликтен бүгүнкү күнгө чейин чечим жок, ал эми Zhong Ji Miningдин иши болсо жанданбай турат. Анын жетекчилиги кызматкерлери менен техникаларын кайра Кытайга чыгарып кеткен. Учурда ал ИИМдин августтагы башаламандыктарды иликтөөсүн бүтүрөөрүн күтүп жатат. Иликтөө жүрүп атканы менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги кендин аймагына «мыйзамсыз кирип келгендерди» катуу жазалоону талап кылган.

«Кытайдын ишканалары узак жылдардан бери Кыргызстанга инвестиция салып, бизнес жүргүзүшөт, андан тышкары, жергиликтүү калктын байгерчилигин жакшыртуунун жана эки өлкөнүн ортосунда салттык достукту бекемдөөгө салым кошуп келет», — деп билдиришкен элчиликтен Солтон-Сарыдагы окуядан кийин.

Кытай чындыгында эле, түз инвестицияларды эсепке албаганда, Кыргызстанга көп акча салат. 2019-жылга карата абал боюнча, Кыргызстан Кытайга 1,7 млрд долларга чукул акча карыз — бул КЭР соңку ондогон жылдар бою Кыргызстанга берип келген карыздардынын бардыгы үчүн. Изилдөөчү Данияр Молдокановдун айтымында, кытай насыяларынын шарттары абдан айкын эмес: «Эгер ЭВФтен же Дүйнөлүк Банктан насыя алсаң, анда ал жакта бардыгы үчүн бирдей эрежелердин ачык-айкын тизмеси бар. Кытай насыяларынын шарттарын ачык-айкын дегенге болбойт жана тараптар кандай макулдашса ошого көз каранды». Анын пикири боюнча, кыргыз бийлигинин Кытайдан акча алышына «анын оңой, тез жана эч кандай ызы-чуусунун жок» болгону себеп.

Дирк ван дер Клей мындай экономикалык көз карандылык артынан саясий көз карандылыкты тарпайт деп эсептейт. Анын ою боюнча, Кытай Кыргызстанга караганда Тажикстанга көбүрөөк саясий таасир этет, ага Тажикстандын Ооганстанга жакын жайгашканы себеп. Жакында эле ал жакта Кытай аскер күчтөрү да иштеп баштаган. Бирок, ван дер Клейдин айтымында, аймактагы саясатчылардын айткан сөздөрүнө Кытай билгичтик менен таасир этет. «Кытайдын рычагдар системасы мында: алар ооз ачпоону же оозеки колдоону сатып алуу боюнча мыктылар», — дейт эксперт.

Кытайдын компартиясы кыргыз бийлиги менен жакшы мамилени сактап, жергиликтүү калктын көзүндө жагымдуу көрүнгүсү келет. Ошондуктан, анын ою боюнча, Zhong Ji Mining компаниясы өз ишин кандай өткөргөнү менен Кытай бийлигинин аймактагы жүрүм-турум стратегиясынын ортосунда байланыш жок. «Менин оюмча, Кытай бийлиги бул кырдаал үчүн абдан кыжырданышы керек, анткени мындай учурлар өлкөдөгү башка кытайлык компаниялардын иштерин таттаалдантат», — деди ван дер Клей.

Жаңжалга чейин Мамэкотехинспекция компаниянын ишинде 83 бузуу таап, 448 миң сомго штраф жазып берген. Жергиликтүү айыл өкмөт башчысынын айтымында, кытайлыктар аныкталган бузууларды жоё башташкан. Бирок айылдыктар макул эмес — алар, алтын казуучулар бул талаптарды этибарга албай коюшкан деп айтышууда.

Экология жана позитивдүү имидж түзүү

«Кытайлар кеткенден бери суу тазаланып, мал башын салып калды», — дейт Кытай ишканасынан бир нече чакырым гана алыстыкта малын жайып жүргөн Мирлан.

Ал жубайы менен алыс эмес жердеги боз үйдө жашайт. Үй шарттарынын арасында — чакан генератор жана 4G кармай турчу смартфондор бар. Эгер аларды да алып салса, анда үй-бүлөнүн жашоосу жүз жыл мурун жашаган кыргыздардан айырмаланбай калат. Боз үйдүн борборунда кичинекей меш турат — ал бул үй-бүлөнү жылытат, багат. Ал эми үйдүн сыртында чоң казан, анын жанында күнгө кактанган ит отурат. Бирок, анын кожоюну атка отураарда ал дароо секирип туруп, кожоюнунун артынан чуркайт да, койлорду мал короого айдай баштайт.

Мирландын аялы дасторкон жая баштады. Бардыгы тең жеке өндүрүштөн чыккан: май, каймак, айран жана токоч. Жапма нан түгөнө баштагандыктан, ал жаңы нан бышырууга кирише баштады — талыккан колдору менен бат эле камыр жууруй калып, темир мештин үстүнө олдоксон ыргыта салды. Нан тез көтөрүлүп баштаганда ал отко дагы бир тезек ыргытты.

Мирлан — компаниянын экологиялык ченемдерди бузуп атканы тууралуу биринчилерден болуп айтып чыккан. Анын айтымында, июнда анын койу кандайдыр бир оорулардын белгилери жок эле өлүп калган. Эртеси күнү ал дагы эки малынан, арадан бир күн өткөндөн кийин дагы ошончо малынан айрылып калган. «Алардын бардыгы эмделген болчу. Жөн гана өлүп жатты — суу ичип эле ошол жерден бир нече метр арылыкта өлүп калып жатты», — деп эстеди Мирлан үшкүрүп. Ал үчүн бир эле койдун өлүмү да олуттуу финансылык чыгым. Ал эми жайында болсо, ал 36 туяктан айрылып калганын билдирди.

Ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусундагы өкүлү Кумар Исакова билдиргендей, 2019-жылдын июль айында 22 кой кырылып, алардын экөөсүнүн этинде нитрат менен мышьяк табылган, калгандары таза чыккан.

Бирок Мирлан анын малы кытайлык компания иштетип жаткан Бучук участогунан жайлоого агып келген булганган суунун айынан кырылды деп ойлойт. «Алар тоодогу тоотекти жардырып жатышканда, бул жакта калың чаң туруп калчу, эч нерсе көрүнчү эмес. Ак мөңгүлүү тоолор күрөң болуп калчу, андан кийин мунун баары биздин сууга түшчү», — дейт Мирлан. Анын оюн жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү колдойт. Жергиликтүү эл компанияны сууну булгады деп биринчи жолу эле айыптаган жери жок, 2018-жылы да жүзгө чукул эмгекчилдиктер наарызылыкка чыгышкан.

Айрым жергиликтүүлөр менен мал-жандыктары ичкен суу — тоо баштарындагы мөңгүлөрдөн ээрип аккан суу. Алардын биринин нугунда кытай компаниясы өндүрүш чыгындылары үчүн туюккап курмакчы болуп, атүгүл ал жакка суу өтүп кетпеши үчүн дамба тургузуп койгон. Бирок компаниянын ишине мониторинг жүргүзгөн жергиликтүү жашоочулардан турган комиссиянын мүчөлөрү дамба туура эмес тургузулганына ынанышкан, демек ал жыйырма жылдан кийин бузула баштайт. Суу баары бир деле туюккапка кирип, андан кийин булганган бойдон Он-Арча суусуна, андан соң Кыргызстандын эң чоң дайрасы Нарынга агат.

Бирок Кытай компаниясынан текшерүүнүн бардыгы алардын туюккабында бузууларды таппаганын айтышса, ал эми Ветинспекциянын башчысы малдар паразит жуктуруп, эмдөө жетишсиз болуп калгандыктан кырылганын билдирди.

Кыргыз бийлиги компаниянын «позитивдүү имиджин түзүү» үчүн инвесторлордон малынан айрылган чабандарга акча төлөп берүүнү суранган. Бирок позитивдүү имидж жаратуу мүмкүн болгон жок — мындан кийин бир нече апта өткөн сон жергиликтүүлөр менен компаниянын кызматкерлери бири-бирине таш ыргыта башташкан.

Бийлик элден коркот

«Негизи ар бир өлкөдө айыл чарба жана пайдалуу кен байлыктары үчүн чет элдик инвестициялар жергиликтүү тургундардын колдоосуна ээ болбойт, бирок бул учурда инвестициялар Кытайдан келип атканы кырдаалды ого бетер курчутууда», — деп эсептейт Дирк ван дер Клей. Анын айтымында, Кыргызстандын кытайлыктар менен түзгөн келишими ачык-айкын эмес, бул болсо жергиликтүү калкта кошумча күмөндөрдү жана инвесторлорго ишенбестикти жаратууда.

Ага кошумча, кытай бийлигинин өзүнө жөн гана жакшы имидж жарата албаганы да роль ойноп жатат — алар кризисти жөн гана тынч баштан өткөрүүнү жана жеңиш болгондо үндөбөй калууну артык көрүшөт.

Данияр Молдоканов бийлик эмне үчүн өлкөгө Кытай инвестициясы керектигин элге жетишээрлик жакшы түшүндүрбөй жатат деп эсептейт. «Бийлик да элден коркот, бизде миллиондогон Кытай долбоорлору бар жана бул жерде Кытай бизнеси өнүгүп жатат деп айтса, отурган креслолорунан сүрүлүп тушүп калабыз деп коркушат», — деп эсептейт изилдөөчү.

Премьер-министр жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштери формалдык түрдө жана кризис учурунда гана жүргүзүлүп келгенин мойнуна алды — мисалы, адамдар компаниянын иштешине каршы нааразычылыгын билдирип чыгышканда жүргүзүлгөн. Кытайлыктар жергиликтүү аткаминерлердин унчукпоосун амалкөйлүк менен сатып алышат. Бирок, кыязы, жаңжалдын өөрчүп кетишине тек гана ошол нерсе таасир эткен окшойт.

Кеп Бучук тилкесинин коңшу Алтын-Төр тоосунда жайгашкан көп жылдык «Кыргызалтын» ишканасынан кыйла айырмаланып турганында. Ал жакта көнүмүш адатта кен таштарынан алтын ажыратылган курулуштун жанында таштарды тарсылдата майдалаган техника иштеп турат. Алардын жайбаракат ишинин шартында кытайлыктар өз тилкесинде саналуу гана айлардын ичинде тоо боорунда жол куруп, дамба салып, келечекте курула турчу имараттардын пайдубалын түптөп коюшкан.

Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамагенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу Кытай компаниясынын тездик менен иштегени жергиликтүү тургундарды коркутуп койгон болушу мүмкүн деп эсептейт. «Эгер кытайлыктар алты айдын ичинде завод кургусу келсе, анда алар муну эпкин ылдамдык менен жасашат», — дейт Адилбек уулу.

Ошондуктан кытайлыктар курулушка өз жумушчуларын тартат, бул болсо жергиликтүү тургундарга жакпайт — Адилбек уулунун айтымында, кыргыздар «көбүнесе кечиктирип коюшат». Бирок, анын пикири боюнча, курулуш бүткөндөн кийин кытай компаниялары жумушчулардын көпчүлүгүн жергиликтүү тургундардын ичинен ала баштайт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, компаниянын инфрастуктурасын түзүүнүн үстүнөн иштеп жаткан дээрлик 500 кызматкердин ичинен дээрлик 300ү кыргызстандыктар. Бирок Миң-Булак айыл өкмөт башчысынын маалыматына ишенсек, ишканада болгону 126 жергиликтүү тургун иштеген.

Кытайлыктардын бизнеске болгон мындай мамилесин эксперттер жөнөкөй түшүндүрүшөт. Дирк ван дер Клейдин айтканына караганда, иш орундары — кытай-кыргыз мамилелериндеги башкы валюта, алар беркилерге да, аркыларга да керек. Ошондуктан, кыргыздар менен кытайларга жумуш орундарын түзүү — көп учурда кытайлык компаниялар менен кыргыз бийлигинин ортосундагы инвестициялык келишимдердин шарттары болуп эсептелет. Бирок, Молдокановдун айтымында, биздин өлкөдө адамдык капитал төмөн, кесипкөйлөр жок, ошондуктан кытайлык компаниялар өз жумушчуларын алып келип жатканына таң калыштын кереги жок.

Кооз айылым, алтын, күмүш, берметтир

Zhong Ji Mining компаниясынын ишине байланышкан биринчи жаңжал 2010-2011-жылдары чыккан. Ошондо Эмгекчил айылынын тургундары кен жерин иштетүү үчүн лицензияны жергиликтүү «Алтын Эмгекчил» компаниясына бербей, кытайлыктарга тийгенине каршы чыгышкан. Айтмакчы, бул компаниянын тең негиздөөчүлөрүнүн бири Бердибек Дайыров. Ал да 2019-жылдын 7-январында Бишкекте болуп өткөн антикытайлык митингдерди уюштургандардын бири болгон деп шектелүүдө. Компаниянын экинчи негиздөөчүсү катары Жу Жон Жун аттуу бирөө көрсөтүлгөн.

Эмгекчилге карай жол эки тарабынан алтын түс менен боёлгон эки арстан кайтарган аркадан башталат. Алардын алдында «Кооз айылым, алтын, күмүш, берметтир. Кош келиңиз кучак жаят Эмгекчил!» деген жазуу бар. Меймандос Эмгекчилге жетүү үчүн жомоктогудай табияты бар жол менен бир нече километр жол жүрүү керек — болгону көрүнүштү Windowsтун фонундагы сүрөттөгүдөй чанда кездешкен машиналар бузуп коёт.

Айылдын борборунда чакан мечит жайгашкан. Коңшу айыл тургундарынын айтымында, Эмгекчил акыркы жылдары фанаттарча динчил болуп калган. Жакында эле жергиликтүү активисттер айылдагы бардык спирт ичимдиктерин сатып алып, аларды бульдозерге тебелеттирип, муну менен бейрасмий спиртсиз мыйзам жарыялашкан.

Чынында, биздин автоунаабыздын алдынан жолдон бутун араң сүйрөп өткөн киши бул мыйзамды бузган өңдүү. Ал бир калыпта чайкалып атып бийик дубалдын артына бурулуп кетти. Ортодо заңгыраган хан сарай турат, анын алдында тегиз кыркылган жашыл шибер жатат, бул шибер ары-бери өткөн уйлардан тыкан темир тосмо менен курчалган. «Албетте, бул үйдүн ээси алтын казып иштеген», — деп айтты биздин айдоочубуз.

Эми кытайлык компанияга таандык болуп калган шахталарда жергиликтүү тургундар мурда алтынды өздөрү казып табышчу, андан кийин аны жашыруун базарда сатышчу. Көбүнчө бул ишке Эмгекчилдин тургундары барышчу — дээрлик ар бир адамда алтынды рудадан бөлө турчу өз алдынча жасалган аппарат бар эле. Ушул себептен эмгекчилдиктер кытайлык инвесторлорго биринчилерден болуп каршы чыгышкан — алар баалуу металлды өздөрү казып алууну каалашчу. Бирок, алардын ойлору боюнча, Бучук участогун качкын президенттин уулу Максим Бакиев кытайлыктарга жакшы акча үчүн өткөрүп берген. Албетте, буга эч кандай далилдер жок.

Жергиликтүү активист Жаныбек Сопиевдин айтымында, айылда көптөн бери алтын казуу менен эч ким иштей элек. Биз шаан-шөкөттүүлүгү жагынан көбүнесе совет доорунун министрлеринин үйлөрүн эске салган чоң үйлөрдөн өтүп жаттык. Бирок ал бул теманы козгобоону суранды — балким «өйдө жактан» кимдир бирөө жергиликтүүлөрдөн көмүскө алтын казуу жөнүндө сөз кыла бербөөнү суранган өңдүү. Эмгечилдиктер кантип өз алдынча алтын казып жатышкандыгы тураалуу 2016-жылы чыккан видеорепортаж жергиликтүүлөргө пайдасын тийгизбей эле укук коргоо органдарынын аларга карата көңүлүн бурдурткан.

Видеодо, али сакалсыз жана тебетейсиз жүргөн Жаныбек жергиликтүү тургундар колго жасалган шахталарда кантип алтын өндүрүшкөнү боюнча айтып берет. Иштегенге тоскоол кылбашы үчүн аргасыздан милиционерлерге да төлөш керек деди. «Ден соолугубуз үчүн коркобуз, тобокелдиктер бар. Бирок биз бул жерде жашообуз жакшы болгону үчүн жүргөн жокпуз», — деп айтты туннелде чөк түшүп отурган Жаныбектин кесиптеши. Эмгекчилдиктер шахтада 15 саат өткөрүп, 150 доллардан таба алышмак — алардын айтымында, бул акчалар башка жумуш жок болгон жер үчүн жетиштүү. Нарын облусу акыркы он жыл ичинде аймактар арасындагы жакырчылык деңгээли боюнча дээрлик дайыма алдыңкы үчүнчү сапта болуп келген.

Бирок эмгекчилдиктердин тагдыры оор экенине эч ким деле ишенбейт. «Жада калса Эмгекчилде өспүрүмдөр таңгак акча көтөрүп калышкан учур болгон. Жергиликтүүлөр шахтага ийгиликтүү барып келишкенде Нарынга барып сайраңдап, бир түндө он миң деген акчаларды которотуп келишчү», — дейт жергиликтүү журналист Мирлан.

«Эми бул жерде бардыгы мал чарбачылык гана кылышат», — деп көшөрөт Жаныбек биз чоң чанач сууда тоотекти иргеп аткан кишинин жанынан өтүп баратканда. Жергиликтүүлөр алтынга барбай калышкан дешет — Солтон-Сары Нарын облусундагы жападан-жалгыз эле кен эмес.

Карамагына Солтон-Сары кирген айыл аймагынын борбору — коңшу Миң-Булак айылында да салтанат. Анын төрагасы Казыбек Усупов бизди өзүнүн укмуштуу кабинетинде тосуп алды. Ал өзү кара жыгачтан жасалган столдо отурат, өзүн камерага тартууга тыюу салат, ал эми сүрөткө түшүү үчүн коңшу иш бөлмөдөгү жөнөкөй столго отурат. Ал «өйдө жактан» буйрук алмайынча, жергиликтүүлөр менен кытайлыктардын ортосундагы жаңжалга комментарий бере албасын билдирди. Чындыгында ал бул боюнча айтуудан сестенип турат — эгер ал кытайлыктарды ачык колдосо аны жергиликтүүлөр түшүнбөй калат, эгер жергиликтүүлөрдүн тарабына өтсө анды кытайлар түшүнбөй калат. Расмий маалыматтар боюнча, Zhong Ji Mining компаниясы Миң-Булак айыл өкмөтүнө 37 млн сомго чукул акча бөлүп берген — бул сумма бюджеттин дээрлик үчтөн бирин түзөт.

«Биздин айыл өкмөттү эң мыкты деп таанышат, — дейт чоң столунун артында отурган Усупов сыймыктана. — Биздикиндей айыл-чарба техникасы облуста да жок». Биз менен маектешип жатканда ал компьютериндеги эки монитордо айыл өкмөтүнүн имаратында эмне болуп жатканына көз жүгүртүп отурду.

Миң-Булак Zhong ji Mining берген материалдык жардамдан улам эң эле бай айыл өкмөтү деп эсептелет. Бул акчага жергиликтүү аткаминерлер мектеп, бала бакчаларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жолдорго асфальт төшөп, айыл чарба техникасын сатып алышкан.

«Кыргызстанга өнүгүү үчүн инвесторлор керек, бардык эле өлкөлөр ушинтип өнүгүшкөн», — деп эсептейт Усупов.

Бирок эксперттердин айтымында, Кыргызстандагы кытай инвестициялары дайыма инвестордун жолунда кездешкен аткаминерлердин бардыгана ири суммада акча берүүлөр менен коштолот. «Кытай статус-квого байырлашат. Эгер өлкөдө коррупция болсо, анда кытайлыктар ошол системанын алкагында аракеттенет», — деп билдирет изилдөөчү Данияр Молдоканов.

Анткени «мощный»

Кыргызстан Кытай үчүн эң маанилүү сатуу рыногу болуп саналбайт — Борбор Азия өлкөлөрү менен соода алака Кытайдын тышкы соодасынын кымындай эле бөлүгүн түзөт. Бирок аймак кытай инвесторлоруна башка себептер менен жагымдуу болушу мүмкүн — Кытайда алар үчүн жөн гана кылаарга иш калбай калса керек. Дирк ван дер Клейдин айтымында, учурда Кытайда өндүрүш жана айыл чарба компанияларына кыйын эле болууда. Алар кызматкерлердин маянасын көтөрүп, экологиялык мыйзамдар менен чектөөлөрдүн ортосунда жол издеп, өздөрүнө окшош миңдеген компаниялар менен атаандашууга аргасыз болуп жатышат. Ошондуктан кытай провинциясында иштеп жаткан көптөгөн компаниялар кирүүгө мүмкүн тышкы базарларды табууга аракет кылышууда.

Бул планда Борбор Азия майлуу жер — бул жакта атаандаштык аз жана мүмкүнчүлүктөр чоң. Мисалы, Тажикстан цемент өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу — ал жакта баалар жетишээрлик жогору, ал эми татыктуу атаандаштар жок. Ошондуктан, оор бизнес чөйрөсүнө жана коррупциялык схемаларга катышуу зарылдыгына карабастан, кытайлык компаниялар жыл өткөн сайын Тажикстан менен Кыргызстанда барган сайын көп акча салым кылышууда. Кыргыз бийлиги жыргап эле Кытайдан көбүрөөк инвестиция ала бермек, бирок, ван дер Клейдин ою боюнча, алар жарандык коом тарабынан түшүнбөстүк болушунан кооптонушууда. Кыргыздар ар бир кытайлык салымга чоң ишенбестик менен мамиле кылышат.

Эксперт Шерадил Бактыгуловдун айтымында, Кытайга карата терс мамилелердин түпкүрү 1960-жылдардагы советтик пропагандада жатат — ал учурда Кыргызстан жана Казакстан Кытай менен согушууга камданып турган Ортоазиялык округга кирип турган. «Каклкты мектеп партасынан тартып башталгыч аскерий даярдык сабактарында бул тирешүүгө даярдашкан. Ошол учурда болуп турган совет-кытай чек ара чырлары кытайлыктар тууралуу терс түшүнүк биздин аң сезимге тыгыз сиңип калганына алып келген», — дейт эксперт. Мындан тышкары, 1916-жылдагы каргашалуу окуялар да кытайлыктарга жан тартууну кошпойт — ал учурда орус империясына каршы ийгиликсиз болуп калган көтөрүлүштө кыргыздар Кытайга качып, аман калгандардын көпчүлүгү ошол жерде каза тапкан.

«“Үркүн” тууралуу билесиңерби? Кытайлар ошондо кыргыз элин кантип өлтүрүшкөндөрүн жана азыр да ушундай кылып жатышкандарын [билесиңерби]? Бучуктан аккан бул сууну биз ичебиз. Ал эми кытайлыктарга, ошондой эле өкмөткө да [суунун сапаты кандай экенине] баары бир», — дейт дарактын көлөкөсүндөгү отурган Миң-Булактын аксакалдарынын бири. Алдынан өтүп жаткан тургундар карыя менен сылык саламдашып өтүп жатышты. «Экология катуу бузулууда, бул биздин келечек муундарыбызга таасир этет».

Бирок, эксперттердин ою боюнча, Кыргызстандын экономикасына, ошондой эле Борбор Азиядагы башка экономикага кытайлык инвестицияларсыз кыйын болот. Муну жергиликтүү тургундар да түшүнөт. Уланбек — чабан жана кытайлык жумушчулар менен жергиликтүү жигиттердин ортосундагы мушташ орун алган үйдүн кожоюну. Ал кайсы тарапты колдоорун сураганда түкүрүнүп койду.

— Анда эмне үчүн үйүңүздү кытайларга бердиңиз?

— Кызыксыңар го силер! — анын суукка күйгөн жүзү чүйрүй түшүп, — жашоо деген эмнеге гана алып барбайт! Эмне десе эле Кытайдын байпагы, эмне десе эле кытайдын бут кийими, ой мощный деп коёсуңар. Ооба, мощь.

Авторлору: Айдай Эркебаева, Катя Мячина

Видео: Азат Рузиев, Бекжан Асылбеков

Сүрөт: Светлана Зеленская

Инфографика: Савия Хасанова

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Материал Медиа тармактын колдоосу менен түзүлдү.