Театр актёрлору. Сүрөт: Темир Сыдыкбеков / RFE / RL  

«Эки баланын атасымын. 7,5 миң маяна алам, айлыгым жетпейт. Күнүмдүк жашоо, батир акысы, тамак-аш бар да. Негизги ишиме кошумча тасма которуп, үн режиссёру болуп иштейм», — дейт 14 жылдан бери маданият тармагында иштеп келе жаткан кызматкер. Ал аты-жөнүн атагысы келген жок.

Өлкө боюнча акыркы 5 жылда айлык маяналар өсүү жолунда. Бирок ошого карабастан маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлгөн жок. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, маданият кызматкерлеринин айылык акылары тескерисинче 6 пайызга түшүп кеткен.

Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директорунун орун басары Мураталы Саргабаев 6 миң сом маяна алаарын айтат. Бул турмуш-тиричиликке жетпегени менен каниет кылып жашап келе жатам дейт.

«Министрликтен айлык маяна көтөрүлөт дегенди угуп кубанган элек. Бирок айрым гана маданий мекемелердин маяналары көтөрүлүп биздин айлык ошол бойдон калган. Эмнеге биздикин көтөрбөдүңөр десек, мартта көтөрүлөт деп бизди токтотуп коюшкан. Жыл аяктап калды бирок эч жыйынтык жок. Жок дегенде 10-15 миң сом болсо жакшы болмок», — деди ал.

Маданият тармагында 25 жылдан бери иштеген Саргабаев фольклор топторго чакырылган өнөр адамдары маянаны угуп эле кетип калышаарын айтат. Ал кошумчалагандай, аталган маселе өлкө боюнча актуалдуу жана 2100 сомго жашаган кызматкерлер да жок эмес.

Финансы жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жолдошев быйылкы жылы 25 музейдин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт деп ишендирет. Бирок маданият тармагында иштеген башка кызматкерлердин кызмат акысын жогорулатууга бюджет тартыштыгын айтат.

«Маданият кызматкерлеринин баарынын айлык маянасын бир көтөрүп койсок болот. Бирок бюджеттин тартыштыгы ага жол бербей жатат. Айлык маянасына нараазы болуп келген кызматкерлер көп. Акырындык менен маяналар көтөрүлүүдө», — деди Жолдошев.

Кыргызстанда акыркы 5 жылда маданият кызматкерлеринин маянасы төмөндөгөнү менен өнөр жай тармагынадагы маяна 44 пайызга жогорулаган.

Материал жарык көрөөр алдында маданият министрлигинен айлык маселеси боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Материалды даярдагандар: Мырзагүл Камчибекова, Майрамбек Таалайбек уулу, Аймээрим Дарбанбек кызы

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Алтынай Мамбетова