Сүрөт Баткен жоокерлеринин комитетинен алынды

Мындан 20 жыл мурда Ош облусунун Баткен районуна өзбек согушкерлери кирип келишкен. Алар Тажикстанда согушуп жүрүп, 1999-жылы өзбек президенти Ислам Каримовду кулатуу үчүн Кыргызстандын чек арасы аркылуу Өзбекстанга өткүлөрү келген. Алар өздөрүн Өзбекстандын Ислам кыймылынын террористтеринин катарына кошушкан. Кыргыз аскерлери согушкерлерди «Сакалчандар» деп атап коюшкан.

Бул долбоордо биз ошол күндөрдөгү окуялардын таржымалын кеңири чагылдырып берүүгө аракет кылдык.