Сүрөттө "Клооптун" күзгү журналистика мектебинин катышуучулары. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop/kg

«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы кышкы журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

«Клооп Медианын» онлайн журналистика мектеби — практика аркылуу билим алууга шарт түзгөн кайталангыс курстар.

Эмне үчүн «Клооптун» журналистика мектебин тандоо керек?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүң. Анда текст жазуудан тышкары фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа мыйзамдар тууралуу маалымат ала аласың.

Андан тышкары журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча да сабактарды окуйсуң. Биздин гана мектепте сен окуунун биринчи жумасынан тарта респонденттен интервью ала аласың.

Жаңылыктарды жазуудан тышкары, өлкөдөгү маанилүү окуяларды жеринен чагылдыра аласың — ал үчүн биз керектүү ресурстар менен камсыздайбыз.

Сага мобилдик телефондон видео тартып, дүйнөгө түз эфирде чыгууну жана видео менен иштөөнү үйрөтөбүз.

Kloop.kg сайтындагы материалдардын авторлору — биздин мектептин катышуучулары. Алар мектепке келген күндөн тарта жаңылыктарды ири аудитория үчүн жаза алышат.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы кышкы журналистика мектеби 2020-жылдын 13-январында башталып, 2020-жылдын 13-мартында аяктайт. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын журналистикага кызыккан жашоочулары билдирме жөнөтө алышат. Жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Бирок эгерде жашың 18ге толо элек болсо, анда ата-энеңдин же асыроого алган кишинин уруксат кагазын толтуруп, school@kloop.kg электрондук почтасына жибер (форманы бул жерден жүктөп алууга болот).

«Клооп Медиа» аймактан келген катышуучуларды төмөнкүлөр менен камсыз кылат: жол кире, жатакана.

Билдирменин негизинде 12 катышуучу журналистика мектебине тандалып алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Моб. тел.:

+996 559 300 336 (WhatsApp);

+996 772 300 336

Электрондук дарек: school@kloop.kg

Дарегибиз: Алиев көчөсү, 161А, Ош шаары, Кыргыз Республикасы

Билдирмелерди кабыл алуу аяктады.