ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды. Сыйлык берүү Москвада болуп өттү, Курманкулов учурда бул шаарда дарыланып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Чүй ОИИББнин башчысы медалды «коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарганы» үчүн алды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн 7-августта штурмга алуу учурунда Курманкуловдун башына таш тийип, комага түшүп калган. Бишкекте анын мээсине трепанация жасалып, эки операция өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө Курманкулов Москвада дарыланууда. Ал комадан чыгып, учурда үн аппаратынын жардамы менен сүйлөй алат.

«Эрдик» медалы — мамлекеттик сыйлык. Аны менен «адамдарды куткарууда, коомдук тартипти коргоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн кайраттуулук жана эрдик» үчүн сыйлашат.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу эки күнгө созулган — 7 жана 8-август күндөрү. Ошондо төшүнө тийгек октон бир спецназчы каза таап, 170ге чукул адам жабыркаган.