Бишкектин үстүндөгү кара түтүн. 2018-жыл, декабрь айы. Видеодон алынган скриншот: Тилек Бейшеналиев/Kloop.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-ноябрда Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгонун билдирди.

Бул эмне экенин жана Кыргызстан үчүн бул эмнени өзгөртөөрүн түшүндүрөбүз.

Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө эң башкы эл аралык документ

Париж макулдашуусу 2015-жылы декабрда БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча Конференциясында Францияда даярдалган.

Анын башкы максаты — глобалдык жылуулукту токтотуп, кийинки жүз жылда Жердеги орточо температуранын Цельсий боюнча эки градустан жогору ашып кетпөөсүнө жетишүү.

Ошондой эле келишимди ратификациялаган өлкөлөр климаттын өзгөрүүсүнүн таасирлерине көнүшүүсү керек.

Кыргызстанга чейин Париж келишимин 186 өлкө ратификациялаган.

Эми Кыргызстан эмне кылышы керек?

Париж келишимине кошулган өлкөлөр БУУга өз өлкөсүндөгү климат тууралуу ачык-айкын маалымат берип турууга милдеттүү.

Мындан тышкары, алар улуттук деңгээлде өлкө ичиндеги климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча план иштеп чыгуулары керек.

Макулдашууну ратификациялоо өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүгө эл аралык каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүк берет.

Макулдашуудан чыгып кеткен жалгыз өлкө — бул АКШ. Президент Доналд Трамп 2017-жылы июлда пайдалуу кендерди казууда америкалык компанияларды колдош үчүн келишимге катышуусун токтотуп жатканын билдирген.

Глобалдык жылуулук деген эмне?

Глобалдык жылуулук — бул Жердин орто температурасынын жогорулашы жана парник эффектеринен көз каранды болгон экологиянын башкы көйгөйлөрүнүн бири.

Парник эффектиси — бул Жер кыртышынын температурасынын жогорулоосунун табигый проццеси. Ал парник газдарынын атмосферанын ылдыйкы катмарына чогулуп ысыгандыгынан улам болот. Ансыз орто глобалдык темература Цельсий боюнча –18° чукул болмок.

Парник эффектиси жаратылыш кубулуштарына жараша «табигый» жана адамдардын ишмердүүлүгүнө жараша «күчөтүлгөн» деген түшүнүктөргө бөлүнөт.

Жерде күчөтүлгөн парник эффектиси байкалууда. Бул өлкөлөрдүн экономикалык, өнөр-жай жана айыл чарба тармагындагы ишмердиктеринен улам болууда.

Учурда атмосферада көмүр кычкылтек газынын, метандын, азот кычкылтегинин, озондун жана атмосферанын ылдыйкы катмарларындагы чыгындылардын натыйжасында чыккан башка заттардын топтолуусу жогору болуп атканы байкалууда.

БУУнун маалыматына ылайык, 1880-жылдан тарта 2012-жылдарга дейре Жер боюнча орточо температура 0,85 °C жогорулаган. Бул океандардын жылый башташына, деңиз деңгээлдеринин көтөрүлүшүнө жана мөңгүлөр менен карлардын ээришине алып келген. «Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусу» дал ушул нерсе менен курөшөт.