Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапкерлеринин жанында. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева/RFE/RL

Бүгүн өлкөнүн карапайым жарандары бийликтин өкүмзордугу астында таптакыр коргоосуз калганына андан бетер жаным ачып турат. Ак үй 7-августта менин үйүмө куралчан адамдардын басып кирүү учурунда мыйзамсыз буйруктарды берип тургандарды жоопкерчиликтен калкалап атканын түшүнгөн адамдардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.

Коркутуп үркүтүп, ооздорун жабууга аргасыз кылуу максатында оппозициялык депутаттарды үй камагына алуу туурасында чечим болду. Ойдон чыгарылган шылтоолор менен КСДПнын өкүлдөрүн улам суракка чакырышууда. Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр ойго келбеген сандырактык. Ошондуктан 2019-жылдын 7-8 – август күндөрү Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга байланыштуу иштер боюнча СИЗОго камалгандардын баарын, эң башкысы, мыйзамдуу түрдө бошотуу адилеттүүлүк болмок.

Бийликтин бул иш-аракеттери өлкөнүн кызыкчылыгына эч кандай тиешеси жок экени айдан ачык. Бул иш-аракеттердин баары Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан болуп жатат жана анын бирден бир гана максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди жаманатты кылуу, көзүн тазалай албагандан кийин аны моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет.

Контекст: Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августтан тарта камакта. Ал күч кызматкерлери Кой-Таш айлында жүргүзгөн атайын операциядан кийин кармалган. Ага бир нече айып тагылган, анын ичинде коррупцияга да байланыштуу иштер бар. Атамбаев өзү сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Аны кармоо Атамбаевдин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон араздашуусунун жыйынтыгы болуп калган — саясатчылар 2018-жылы жазында уруша кетишкен. Атамбаев президенттин шайлоодо Жээнбековдун талапкерлигин колдогон.