Сүрөт: Алтынай Ажикеева

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 14-ноябрда өз тарыхындагы эң оор оюндарынын бирин өткөрөт. Бул беттеште алар Бишкекке келген эң беделдүү Жапония курама командасына каршы беттетишет.

Бул матчка карата билеттер оюн баштааларына бир күн калганда эле толугу менен сатылып кеткен. Билет сатып алууга үлгүрбөй калгандар матчты Усубалиевдин аянтындагы (же дайыма аталып келген “эски аянттан”) күйөрмандар үчүн арналып коюлган чоң экрандан көрө алышат.

Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан (КРФФ) маалымдашкандай, фан зонага келген күйөрмандар үчүн байгелүү конкурстар, шоу-программалар өткөрүлүп, тамак-аш берилет.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, эски аянтка таштанды үчүн 20 контейнер жана 50гө чукул тосмо орнотулган.

Мындан тышкары, эски аянтты кесип өткөн Абдымомунов көчөсү кыймыл үчүн жабылат.