МКК: Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандар — Кыргызстандын жарандары эмес

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бизнесмен Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган эки адам түрк полициясынын билдирүүсүнө карабастан, Кыргызстандын жарандары болуп эсептелишпейт.

МКК бул билдирүүсүн Хусейн Ахметалиев жана Абдулла Энвер кармалгандан эки күн өткөн соң жасады.

«Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык, көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республиканын жарандары эмес жана алар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен документтештирилген эмес», — деп айтылат МККнын пресс-релизинде.

МКК кечээки күнү эле кармалгандардын жарандыгын ырастоодон баш тартып жаткан. Алар муну мындай маалымат купуя деп түшүндүрүшкөн.

12-ноябрда Түркиянын Адана шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысы Атилла Кылыч «Азаттыкка» Ахметалиев жана Энвер — Кыргызстандын жарандары деп кабарлаган.

Ахметалиев жана Энвер менен чогуу Али Исбе аттуу адам да кармалган. Ал жанына Сириянын жасалма паспортун алып жүргөн.

Алар Түркиянын түштүгүндөгү Сирияга чектеш жерден алыс эмес Адана шаарында кармалышкан.

Саймаити деген ким?

Айэркен Саймаити 10-ноябрь күнү кечинде Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Саймаити «Азаттыктын» бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсүнүн фигуранттарынын бири болгон.

Сүрөт: Саймаити өлтүрүлгөн жер. «Хүрриет» басылмасы

Басылманын иликтөөсүнө ылайык, Матраимов 2011-2017-жылдары бажы кызматында иштеп жаткан учурда 700 млн доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар болушу мүмкүн.

«Азаттыктын» журналисттери Саймаити жана анын «Абдыраз» компаниясы Матраимовго бул акчалардын үчтөн биринен көбүн — 250 млн долларга чукул каражатты — чыгарып кетүүгө жардам берген деп айтышкан.

Матраимов жана анын бир туугандары Кыргызстанда эң эле бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет.

Оппозиция менен жарандык активисттер Матраимовдун президент Сооронбай Жээнбековго жакындыгы тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан — муну менен өзгөчө, эмне үчүн укук коргоо органдары «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин Матраимовдун мүлкүн адаттагыдан узак убакыт текшерип жатканы түшүрдүрүлгөн.

Президент өзү дайыма Матраимов менен байланышын четке кагып келет — Жээнбеков журналисттер менен болгон акыркы жолугушуусунда бажы башчысынын мурдагы орун басары менен байланышы тууралуу «фактыларды келтирүүнү» суранган.