Кара-Суу районундагы «Туратали» базары.

Азамат (аты өзгөртүлдү — ред.) адаттагыдай эле таң эрте Кара-Суу районундагы «Туратали» базарына күнүмдүк жумушуна келди. Достору мектепти көздөй шашкан болсо, ал үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн күн сайын базарга чыгууга аргасыз. 15 жаштагы өспүрүм араба менен жүк ташып күн сайын 700 сомго чукул акча табат.

«Мектепте окуп жүргөнүмдө математикадан жакшы окуйт элем. Азыр болсо унутуп деле калдым. Досторума окшоп окуп калсам, балким, келечекте экономист болот белем. Бирок өкүнбөйм деле, окуганым менен бизде жумуш орундары жок да», — дейт Азамат.

Анын айтымында учурда аба-ырайы анчейин суук болбогонуна байланыштуу кыйынчылыктар жок. Бирок жумуштун оордугунан кышкысын ооруп төшөктө жатып калган күндөрүм болот дейт. Азамат Ош облусунун Кара-Суу районунда апасы жана бир туугандары менен биргеликте ижарага алынган батирде турат. Өспүрүмдүн мектеп босогосун аттабаганына быйыл 2 жыл болду.

Мындай жагдайга жалгыз эле Азамат туш болгон жок. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо эсеп менен ар бир окуу жылында 2588 бала мектепке барбайт. Ал эми орто билим албаган балдардын эң көп саны Ош облусунда катталган — 39 пайыз. Бул 1000ден ашуун бала мектепке барбай жүргөнүн билдирет.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-2018 окуу жылында Кыргызстанда орто билим албай калгандардын 48 пайызы майып балдар болгон. Ал эми 21 пайызы үй-бүлөлүк шарттан улам, 16 пайызы иштегенине байланыштуу жана 9 пайызы материалдык кыйынчылыктардан улам мектепке барышкан эмес. Калган төрт пайызга ата-энелердин жана балдардын каалоосунун жоктугу, үй-бүлөнүн оор жагдайда болгону кирет.

Ал эми Ош облусунда окуучулардын дээрлик 35 пайызы үй-бүлөлүк шарттан улам, 32 пайызы иштегендиктен, 17 пайызы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, 12 пайызы материалдык кыйынчылыктардан мектепке барышпайт. Калган төрт пайызга ата-энелердин жана балдардын каалоосунун жоктугу, үй-бүлөнүн оор жагдайда болгону жана башка себептер кирет.

Хасан (аты өзгөртүлдү — ред.) төрт баланын атасы. Тун уулу менен кызы мектепке барышпайт, себеби ата-энесине акча табууга жардам беришет. Учурда эки баласы гана орто билим алууда.

«Биздин балдардын мектепке барбагандыгынын себеби келечеке ишенимдин жоктугу. Окуганы менен бизде жумуш орундар жок, болсо да сатып аласың. Андан көрө күнүмдүк иш менен алек болгону туура. Мисалы, балдар чакан кафе ачып же устачылык кылып келечекте үй-бүлөсүн багууга да жөндөмдүү болуп калышат», — дейт ата.

Статистиканы алып караганда, мектепке барбагандардын ичинен 57 пайызын эркек балдар түзөт. Башкача айтканда, билим албаган 5 өспүрүмдүн үчөөсү эркек бала.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев мектепке барбаган балдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда кармалгандардын дээрлик баары эркек балдар болгонун тастыктады. Анын айтымында балдардын билим албай жатканына миграция таасирин тийгизүүдө.

«Ош облусундагы 22 миң ата-энелердин мигрант болуп сыртта жүргөндүгү өтө чоң таасирин тийгизүүдө. Ар квартал сайын рейд өтүп турат, натыйжа баягы эле катталган балдар кайра кармалып калууда. Аларды комиссия өткөрүп беребиз. Кээде ата-энелер балдарын бага албай калганда мектеп интернатына жайгаштырган учурларыбыз болот», — дейт Аширбаев.

Анын айтымында, аталган маселени чечүү үчүн мамлекеттик деңгээлде программа иштелип чыгышы керек.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Абдивали Балтабаев «Клоопко» статистика комитетинин маалыматын төгүндөдү. Анын айтымында, облуста мектепке тартылбаган бала жок.

«Бул боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп атат. Бул нерсе көзөмөлдө да. Мектепке барбаган үчөө-төртөө болушу мүмкүн. Алар да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Статистика комитетинин 39 пайыз делген маалыматы жалган», — деди Балтабаев.

Материал жарык көрөөр алдында билим берүү министрлигинен орто билим албай жаткан балдардын көйгөйүн чечүү тууралуу кандай аракеттер жасалып жатканы боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ведомстводон суроолорго жооп алуу үчүн сурамкат жиберүүнү айтышты.

Авторлору: Самара Алимбекова, Аймээрим Гүлжигитова, Бекзат Дыйканбаев, Сапарали Патаев

Редакторлору: Алтынай Мамбетова, Элвира Султанмурат кызы