Суу түтүк менен канализация алгачкы 22 айылга 2019-жылы, дагы 403 айылга кийинки алты жыл ичинде жеткиликтүү болот. Бирок, кошумча каржылоо жок болсо, бул экологиялык кризиске алып келиши мүмкүн.
Өкмөтүн аппараты маалымдагандай, 2019-жылдын аягына чейин өлкөнүн 22 айылына суу менен камсыз кылуучу системалар курулат.
Бул иштер «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүү стратегиясын» ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат жана 2026-жылга чейин жүргүзүлөт.
Айылдардагы курулуш иштери үчүн бөлүнгөн 8,8 млрд сомдун ичинен каржылоонун 80 пайызын чет өлкөлүк донорлор беришет.
Долбоордун донорлорунун арасында — Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, БУУнун өнүктүрүү программасы, ЮНИСЕФ жана башка уюмдар бар.
Стратегияга ылайык, суу менен камсыз кылуучу системанын курулуш иштери Бишкек, Ош, Чолпон-Ата, Каракол, Нарын, Баткен жана башка шаарларда аяктап калышы керек эле. Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» редакциясына ал иштер чын эле бүтүп-бүтпөгөнүн текшерүүгө мүмкүн болгон жок.
Стратегияны каржылоонун жалпы көлөмү 26 млрд сомду түзөт. Алардын 21 миллиардан ашыгын донорлор бөлүп беришкен.
Бул каражаттардын республикада канализация системаларынын коопсуз жана экологиялык иштешин камсыз кылуу үчүн жетишсиз болот.
«Айылдарда суу менен камсыздоо тутумдарынын жакшыртылышы саркынды сууларды чыгаруу проблемасын курчутту жана саркынды суулардын көбөйүшүнө алып келди, ал эми суу булактарынын андан ары булганышын болтурбоо үчүн тазалоо жана зыянсыздандыруу маселелери техникалык чечимди талап кылат. Тармактык адистердин эсеби боюнча айыл жеринде суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфратүзүмү үчүн керектүү инвестициянын көлөмү 64,7 млрд сомдун тегерегин түзөт», — деп айтылат стратегияда.
Жакындап келе жаткан экологиялык катастрофанын алдын алуу үчүн Кыргызстандын өкмөтү дагы 40 млрд сомго жакын акчаны кайдан алаары боюнча стратегияда да, өкмөттүн пресс-релизинде да жазылган эмес.