«Токтогул» паркында орнотулган урна. Сүрөт: Гүлжан Ажиматова

Ош шаарынын «Токтогул», «Ататүрк Кемаль» жана «Алымбек Датка» сейил бактарына желим бөтөлкөлөрдү ыргытуу үчүн инсталляция түрүндө жасалган урналар орнотулду. Бул тууралуу «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын» басма сөз катчысы Азамат Советбек уулу «Клоопко» кабарлады.

«Урналар ушул айда [ноябрьда] орнотулду. Демилге “Ош жашыл чарба” муниципалдык ишкананыкы, ал эми демөөрчү болуп Оштогу жеке ишкерлер чыккан», — деди ишкананын басма сөз катчысы.

Ошондой эле басма сөз катчы мындай урналар эгер демөөрчүлөр табылып калса башка да эс алуу жайларына орнотуулаарын кошумчалады. Урналарга чогултулган бөтөлкөлөр кайра иштетүү максатында Бишкек шаарына жөнөтүлөт.

Буга чейин ушундай эле урналар сентябрь айында Бишкек шаарында да орнотула баштаган.