Сүрөт: «Короче» телеграм каналы

ЦУМдун фасадындагы «Подержи команду вместе с нами» (орусчадан кыргызчага которгондо “Команданы биз менен бирге карма” деген маанини туюнтуп калган. Туурасы “Команданы биз менен бирге колдо” болушу керек эле) деген фраза жазылган баннер Кыргызстан менен Тажикстан курамаларынын ортосундагы беттешке бир аз убакыт калганда пайда болгон.

Бул өлкөлөрдүн курама командалары 19-ноябрь күнү кечинде 2022-жылы өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын алкагында оюн өткөрүшөт.

ЦУМдан «Клоопко» билдиришкендей, дизайнер «Поддержи» (кыргызча айтканда “Колдо”) деп жазышы керек болгон жана катаны кайра оңдоп койгон. Бул ката үчүн дизайнерге сөгүш жарыяланган.

«Ушундай болуп калганы үчүн ал абдан уялды. Бирок биз бардыгыбыз адамбыз, адамдык факторду эч ким жоё элек», — деп билдиришти соода борборунан.